super.kg logo

Абдывахап Нурбаев: "Айрым мамлекеттердин жарандарына 60 күндүк визасыз режим кирсе, жок дегенде 6 жаран жумуш менен камсыз болот"

 

"Кыргыз мамлекети дагы 10 өлкөгө визасыз режим киргизсе, жок дегенде биздин 6 жаран жумуш менен камсыз болот". Мындай пикирин бүгүн, 25-декабрда депутат Абдывахап Нурбаев Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин жыйынында билдирди.

Аталган жыйында "Айрым мамлекеттердин жарандары үчүн 60 күнгө чейинки мөөнөткө визасыз режим киргизүү жөнүндө" мыйзам долбоору каралууда.

"Кыргыз мамлекетинде жумуш орду менен камсыз болбогон жарандар көп. Эгерде айрым мамлекеттерге визасыз режимди киргизсек туристтердин саны өсүп, биздин жарандар тейлөө тармактарында иштеп, жумуш менен камсыз болот. Жарандарга ушундай жол менен болсо да жумуш орду менен камсыз болууга шарт түзүлөт. Туристтердин акчасы биздин бюджетке түшөт", - деди эл өкүлү.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(5)
25.12.2018. 13:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
кытайларды кетире албай Китай элчилигине митингге чыгып элдер мамлекетти эртенки элдин келечегин ойлоп жатышса депутаттар кайдагы бир визасыз киргизебиз деген маселени которушот
25.12.2018. 14:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Депутаттардын арасында акмактар коп окшойт...
25.12.2018. 14:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кимдин пансионаты мейманканалары болсо ошолорго жакшы да.Биздей карапайым адамдарга келбей эле быяктагылары кошо жоголсо жакшы болмок
25.12.2018. 14:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бир жагынан туура айтат, туристтер эле эмес ишкерлер да келип ишкана ачса биздин жердештер иш менен камсыз болушмак беле.
Айтайын дегеним; Мисалы: Алматыда не коп кафе, ресторан коп. Алардын дээрлик кобун почти 90% башка олконун адамдары арендага алып иштетет. Налогун толойт, местный казак кыз-келиндер,жигиттер тейлоо тармагында иштешет. Азыр мен иштеп жаткан кафени Грузин улутундагы Адам арендага алып иштетип жатат. Админ казак Келин, официан-бармен казак жигити, б.а. баары казактар иштей
25.12.2018. 15:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Карап турсан бир де бироо хозяин чет жердик дебейт. Баары хозяиндин айтканын аткарып акчаларын кундолуктуу алышат. Мен да ошолордун катарындамын кухняда.
Бош убактымда чакыруу боюнча кошумча жумушка чыгам. Кыскасы; Коруп эле журом Казак улутундагы хозяиндер аз санда, дээрлик чет элдиктер коп.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: