super.kg logo

Айрым мамлекеттерге 2 айлык визасыз режимди киргизүү демилгеси депутаттардын талашып-тартышуусун жаратты

 

Бүгүн, 25-декабрда Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин жыйынында "Айрым мамлекеттердин жарандары үчүн 60 күнгө чейинки мөөнөткө визасыз режим киргизүү жөнүндө" мыйзам долбоору каралды.

Депутат Исхак Пирматов элге пайдалуу демилгелерди өкмөт эмес, Жогорку Кеңеш көтөрүп жатканын айтты.

"Өкмөт элдин камын ойлогон мыйзам долбоорлорун сунуштабаса, депутаттар сунуштайт да. Туристтер келсе эле коопсуздук эске алынбай калмак беле. Мамлекеттин коопсуздугун коргогон орган иштесин, коркуп жата берсек болбойт", - деди Пирматов.

Бул мыйзам долбоору аталган комитеттеги депутаттардын талашып-тартышуусун жаратты. Анда депутат Руслан Казакбаев туристтерди тартууну максат кылып, коопсуздук маселесин да эске алуу керектигин билдирди.

Депутат Анвар Артыков визасыз режимди киргизүүдө эки жактуу келишим болбосо колдобой турганын кошумчалады.

Жыйынтыгында бул мыйзам долбоору экинчи окууда комитетте кабыл алынды. Бирок депутат Анвар Артыков, Руслан Казакбаев каршы добуш беришти.

Маалыматка ылайык, Румыния, Болгария, Кипр, Чили, Аргентина, Черногория, Андорра, Оман, Бразилия, Сан-Мариного 60 күнгө чейинки мөөнөткө визасыз режим киргизүү сунушталууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: