super.kg logo

Өлкө аймагында 192 авариялык абалдагы мектеп бар

 

Бүгүн, 25-декабрда Жогорку Кеӊештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети “Кыргыз мамлекетинде табигый кырсыктардын тобокелдигине туруктуулукту жогорулатуу” тууралуу мыйзам долбоорун каржылоо тууралуу маселесин карады. Аталган жыйында мыйзам долбоорун баардык парламенттик фракциялардын макулдугу менен үчүнчү окууда жактырды.

Долбоорду ишке ашыруу алкагында Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясы Кыргыз мамлекетине 20 миллион доллар өлчөмүндө каражат бөлөт. Анын 50 пайызы жеӊилдетилген насыя, 50 пайызы гранттык каражат болуп саналат. Насыя 38 жылдык мөөнөт менен берилет.

Мамлекеттик архитектура жана курулуш агенттигинин маалыматына караганда, ушу тапта Кыргыз өлкөсүнүн аймагында 192 авариялык абалдагы мектептин имараты бар.

Кыргыз мамлекети боюнча 12 район табигый кырсык тобокелдиги бар аймакка кирет. Ошондон улам, бул долбоордун алкагында жер кыртышынын жаракаларына жакын жайгашкан 50 мектептин имараты иликтөөгө алынмакчы.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
25.12.2018. 15:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушул мамлекетке түшүнбөйсүң, бир мектепке 60 млн сомдон ашыкча акча бөлүшөт, ал мектепти ортомчу шылуундар 20/30 млнго эле бүтүрүп калганын кымырып коюшат. Мынтип акчаны ашыкчасы менен эле агыза берсе кайдан мектеп бүтмөк...
25.12.2018. 16:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Мечитттерди жаап, мектеп, бала бакчага откоруп бериш керек. Ар кайсы кычыктарда арабтар мечиттерди жайнатып салышты. Эми аларды бала бакчага откоруп беришсин.
pat12 түзөттү 2018-12-25 16:05:24
25.12.2018. 16:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Интернет зарыл дешет го чиркин,50 млн доллар эх
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: