super.kg logo

Дүйнөлүк банк кыргыз жериндеги айылдарды интернет менен камсыздоого 50 миллион доллар бөлөт

 

Бүгүн, 25-декабрда Жогорку Кеӊештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин жыйыны өттү. Анда Кыргыз мамлекети менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы "Digital CASA" - Кыргыз Республикасы” долбоорун каржылоо тууралуу макулдашуу боюнча ратификациялык мыйзам долбоору үчүнчү окууда жактырылды.

Маалыматтык технологиялар жана байланыш комитетинин төрагасы Бакыт Шаршембиевдин берген маалыматына караганда, Дүйнөлүк банк "Digital CASA" долбоорун каржылоо үчүн 50 миллион доллар өлчөмүндө каражат бөлүүгө даяр. Анын 50 пайызы насыя жана 50 пайызы грант болуп саналат. Насыя 38 жылдык мөөнөт менен берилүүдө.

"Digital CASA" долбоору 2019-жылдан тарта ишке ашырыла баштайт, анын операторлору сынак аркылуу тандалып алынат. Кызыкдар операторлор бар, алар менен алдын ала сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү. Долбоордун алкагында, санариптик маалыматтардын баары дата-борбордо сакталат. Ошондой эле бул долбоор аркылуу элет жергесинин алыскы аймактары толугу менен сапаттуу жана ыкчам интернет менен камсыз болот", - деди төрага.

Долбоор 4 компоненттен турат: Телекоммуникациялык инфратүзүмдү өнүктүрүү, санариптик платформаларды жана "акылдуу" чечимдерди өнүктүрүү, санариптик экономика үчүн жагымдуу чөйрөнү түзүү жана институционалдык өнүктүрүү, программаларды башкаруу жана санариптик лидерликти өнүктүрүү.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(11)
25.12.2018. 16:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ушул жанылыкты жылдын башынан бери окуп келетам.
25.12.2018. 16:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Ошону жон эле койбодунар ошол акчаны кытайдын карызын кутулса ошо интернеттен 10 эсе жакшы болмок
25.12.2018. 16:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бул да насыя дейт го. Качан карыздан кутулабыз. Карызыбыз ашып ташып атып дагы карыз алабызбы.
25.12.2018. 16:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
кереги жок жөн эле шылтоо бул өнүктүрөбүз деген
25.12.2018. 16:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Биздин айылда интернет слабый ондолушуна коз жетпейтго
25.12.2018. 17:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Карызды алып интернет ондобой эле чондор дагы жеп коет
JaneEr түзөттү 2018-12-25 17:43:50
25.12.2018. 17:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Интернет азыр ар бир айылда бар сотовый операторлор уже силерге чейин эле жеткирип буткон и кереге жок. Бул да болсо бир айла дагы бир кантип акча жеп калыштын жол жобосу
Muratmipa түзөттү 2018-12-25 17:54:40
25.12.2018. 18:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ушул акчалар кай жака иштелип жатат ким билет
25.12.2018. 19:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Сырттан келген акчалардын кобу ушунтип максатсыз жумшалды да.Интернетке телефон менен кирип турат элек,андан коро авариялык мектептерди ондобойсунарбы,же тери иштеткен завод салып койсонор боло,терилерди ит жеп атат,озубуз болсо дермантин кийип журобуз.
26.12.2018. 04:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жалган ишенбейм ишенбейм айылга эмес мисалы шаардын ичи толук камсыз боло элек интернет анан каяктагы айылга интернет бармак эле
27.12.2018. 03:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Он чөнтөк сол чөнтөккө салбай жакшынакай болуп иштеткиле токмок жейсинер
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: