2019-жылдын башында 270 жаран эркиндикке чыгат
2019-жылдын башында 270 жаран эркиндикке чыгат. Мындай маалыматты парламенттин тармактык комитетинин жыйынында Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынан билдиришти.
Алардын айтымында, камактагы жарандар 2019-жылдын башынан баштап күчүнө кирген кодекстерден улам бошотулат.
Депутат Мирлан Жээнчороев камактан чыгуучу жарандар боюнча өкмөт кандай жумуштар алып барарына кызыкты.
ЖАМКтын өкүлү камактан чыгуучу жарандар боюнча сотторго каттар даярдалып жатканын билдирди. "Бардык маалыматтарды 1-январга чейин тактап бүтөбүз. Аймактагы сотторго да кат жөнөтүлөт", - деди ал.
Депутаттар Мирлан Жээнчороев менен Наталья Никитенко өкмөт кайсы беренелер менен соттолгон канча жаран эркиндикке чыгары тууралуу маалымат бериши керектигин айтышты.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
8:26
2025-07-21

Рейтинг:
4

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.