Кыргызстанда "Аялдардын ишкердигин өнүктүрүү" долбоору боюнча макулдашуу каты ратификацияланды
Президент Алмазбек Атамбаев "Бишкек шаарында 2013-жылдын 23-майында кол коюлган "Аялдардын ишкердигин өнүктүрүү" долбоору боюнча КРнын өкмөтү менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы макулдашуу катын ратификациялоо жөнүндө" КРнын мыйзамына кол койду.Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2013-жылдын 27-июнунда кабыл алынган. Мыйзамга ылайык, КРнын Каржы министрлигине көрсөтүлгөн макулдашуу каттын күчүнө кириши үчүн зарыл болгон ички мамлекеттик жол-жоболор Кыргызстан тарабынан аткарылганы жөнүндө Азия өнүктүрүү банкына кабарлоо тапшырмасы берилди. Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Автор: Автандил Добулбеков
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:27
2025-11-06
21:13
2025-11-05
19:43
2025-11-05
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео

















