super.kg logo

Финансылык чалгындоо кызматынын төрагасы: "Банктардан кардарлар тууралуу маалыматты талап кылууда менин күнөөм бар"

 

Бүгүн, 25-декабрда Жогорку Кеңештин тармактык комитетинде Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы коммерциялык банктарга жөнөткөн документинин интернетке чыгып кеткени боюнча маалымат берди.

Аталган кызматтын төрагасы Гүламжан Анарбаевдин айтымында, бул мекеме документке "жашыруун" деген белгисин басып жөнөтүүгө укугу бар экенин айтты. "Документ коомчулукка бизден чыктыбы же банктардан чыктыбы айткан жокпуз. Ага тийиштүү органдар жооп берет", - деди ал.

Башкы прокурордун орун басары аталган маселе боюнча мекеме текшерүү жүргүзүп жатканын кошумчалады.

Депутат Мирлан Жээнчороев банктардан суралган маалыматтар алындыбы же жокпу деп сурады.

Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын төрагасы документ күчүн жоготконун айтып, банктардан бир да маалымат алынбаганын билдирди. Андан соң Гүламжан Анарбаев өкмөт башчы жарыялаган сөгүш боюнча комментарий берди. "Көп жылдан бери өкмөттө иштеп келгем. Премьер-министрдин чечимине пикир билдиргеним туура эмес. Албетте, бул иште менин да күнөөм бар", - деди ал.

Буга чейин аталган орган бардык банктардан жарандардын эсептери жана ячейка ээлери тууралуу маалымат тапшырууну талап кылган. Тийиштүү документтин көчүрмөсү интернет желесине тарап кеткен. "Кызматтык пайдалануу үчүн" деген гриф коюлган катта "Террористтик ишмердүүлүктү каржылоо жана кылмыштуу кирешелерди мыйзамдаштырууга каршы күрөшүү жөнүндө" мыйзамдын аткарылышын камсыздоо максатында банк эсептеринин жана ячейкалардын реестрин түзүүнүн жаңы формасы бекитилгени айтылат.

Парламентте жана коомдо бул талап сынга алынган. Бүгүн, 25-декабрда Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын төрагасы Гүламжан Анарбаевге сөгүш жарыяланганы белгилүү болду.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(3)
25.12.2018. 16:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
иштен алсын ошондо баары өзү эле чыгат
25.12.2018. 16:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Окмотто жоопкерчилик деген жок. Ойду келди иштерди жасашат. Анан кочугун тазалаган болушуп, согуш беримиш да болуп коюшат.
26.12.2018. 11:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Банктарга болгон ишенич олду...
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: