super.kg logo

Прокурор соттон экс-депутат Аскарбек Шадиевди 11 жылга эркинен ажыратууну сурады

 

Быйыл апрель айында өлкөдөн АКШга качып кеткен Жогорку Кеңештин экс-депутаты Аскарбек Шадиевдин иши боюнча соттук отурум өтүүдө. Отурум бүгүн, 25-декабрда Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунда уланууда.

Соттук отурумда мамлекеттик айыптоочу Шадиевдин иши боюнча жүйөлөрдү келтирип, аны 11 жылга эркинен ажыратууну соттон сурады. Соттук коллегия кеңешме бөлмөсүнө кирип кетти.

Окуянын чоо-жайы:

Ушул жылдын 29-апрелинде Аскарбек Шадиевге карата “кызматынан кыянаттык менен пайдалануу” беренеси боюнча Башкы прокуратура кылмыш ишин козгогон. 1-июнда УКМК Шадиевдин 27-апрелде Кыргыз өлкөсүнөн чыгып, АКШга кетип калганын аныктаганын билдирген.

25-июнда ага карата “чек араны мыйзамсыз кесип өтүү” беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. 2-июлда Башкы прокуратура дагы бир кылмыш ишин козгоп, ал “мыйзамсыз жол менен алынган акчалай каражаттарды же башка мүлктү легалдаштыруу” беренесинин негизинде ачылган. 20-октябрда Шадиевдин иши боюнча тергөө аяктап, сотко өткөн. 2-ноябрда Аскарбек Шадиев Жогорку Кеңештин депутаты мандатынан ажыратылган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
25.12.2018. 16:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Биздикилер ото кыйында озу жок болсода соттоп салат алып келсенер болот эле бир адамга алынар жетпейт
25.12.2018. 16:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
не кылсанар да мулкун конфискация кылып мамлекетке откоргуло да
25.12.2018. 16:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жоо кеткен сон кылычында б.... чап))))Жеткен мителер,баарынардын колунар булганган.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: