super.kg logo

88 миңден 6 жарым миллион сомго чейин. Шаарларды Жаңы жылга карата жасалгалоого канча каражат кетти? (инфографика, сурамжылоо)

 

Жылдын жаңырышына саналуу гана күндөр калды. Көчөлөр, кеңселер, үйлөр ар түрдүү жарыктар менен кооздолуп, айлана-чөйрөнү жаңы жылдык маанай каптап калды. Салтка айлангандай, Бишкек шаарынын "Ала-Тоо" аянтына жана бардык дубандардын борборлоруна жаңы жылдык балатыларды орнотуп, чырактарын жандыруу иштери аягына чыгып калды. Өлкөбүздүн шаарларын Жаңы жылга карата жасалгалоого канча каражат кеткендигин аныктап көрөлү.

Бишкек шаары

Бишкек шаарын Жаңы жылга карата жасалгалоого бул жылы 6 миллион 500 миң сом сарпталган. Бул былтыркы жылга салыштырмалуу бир топ арзан. Өткөн жылы шаар жасалгасына 17 миллион сом бөлүнгөн.

Борбор калаадагы балатынын узундугу 25 метр, диаметри 12 метрди түзүп, чырактары 10-декабрда концерттик программанын коштоосунда жандырылган.

Ош шаары

Бийиктиги боюнча 2-орунда турган балаты Ош шаарында орнотулду. Бийиктиги 27 метрге жеткен балтыны орнотууга жана шаарды жасалгалоого 1 миллион 525 миң сом каражат сарпталган.

Жалал-Абад шаары

Бул жылы Жалал-Абад шаарына өлкө боюнча эң бийик болгон 28 метрлик балаты орнотулду. Балатыны орнотууга 1 миллион 370 миң сом кетсе, жалпы шаарды көрктөндүрүүгө 2 миллион 300 миң сом сарпталган.

Нарын шаары

Нарындын борборунда бийиктиги 15 метрге жеткен балаты орнотулуп, шаарды жасалгалоо иштерине 219 миң сом сарпталды. Бул сумма өткөн жылкыга караганда 19 миң сомго көп.

Каракол шаары

Ысык-Көл облусунун административдик борбору Каракол шаарына 21 метрлик балаты орнотулду. Көрктөндүрүү иштерине 200 миң сом каражат кеткен.

Талас шаары

Талас шаарындагы борбордук балатынын бийиктиги 14 жарым метр, диаметри 6 метрди түздү. Шаарды кооздоого 137 миң сом сарпталган.

Баткен шаары

Өлкөдөгү эң арзан балаты Баткен шаарына орнотулду. Бийиктиги 14 жарым метрге жеткен балатыга 66 миң сом акча жумшалган. Жалпы шаарды жасалгалоо иштерине 88 миң сом керектелген.


кошулду





 Сиздин оюңуз 
Кайсы шаардын балатысы купулуңузга толду? (Добуш берүү токтотулган)
  • Баткен шаары
    30,06% (49)
  • Ош шаары
    29,45% (48)
  • Жалал-абад шаары
    14,11% (23)
  • Каракол шаары
    11,66% (19)
  • Бишкек шаары
    7,98% (13)
  • Талас шаары
    4,29% (7)
  • Нарын шаары
    2,45% (4)
  • Жалпы добуш: 163
    Добуш берүү үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 11 
Комментарийлер(45)
26.12.2018. 17:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
Эн сонун балаты Баткендики болуптур.оюнчук грилиянтарын этият кылып чыгарып сактап койсонор кийинки жылга 8800 эле кетет.
26.12.2018. 18:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Эмне десеңер ошол дегиле Караколдун балатысы сооонун болуптур. Жарышыктуу. Нарындын мэриясы жеп ичет окшойт.
26.12.2018. 21:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Онугуу, остуруу же пайдалуу нерсе жасоо боюнча атаандашуу, жарышуу болсо жакшы болмок.
26.12.2018. 22:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Муну да жешти да кантип эле ушунча каражат кетсин...
26.12.2018. 23:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Баткендики соонун
27.12.2018. 01:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Баткендики акчасы аз коротулуп скромный жарашыктуу болуптур, Нарынга коп акча а елкасы кызыктай
29.12.2018. 18:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
raykray,откон жылдагы елкаго озгоруусуз отрнотуптур
27.12.2018. 03:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Кайран миллион сомдор
27.12.2018. 03:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Мен уй алам деп 5жылдан бери Москвада жүрөм иштеп .балдарымды аркимге таштап .бизге окшогондорго жардам берсе болбойбу .
27.12.2018. 07:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Бюджеттен 11 миллион 194 мин сом кетиптир. Кыргыз башчыларыбыз аман эле болсун.Ушул сумманы ар бир, мен жетекчимин деген атуул ойлонду бекен, ушуну мен элдин акчасын коротуп жатам деп.Жаны жыл буткондон кийин жакшынакай кылып жыйнап кой, эмки жылы деле бир аз кошумчасы менен колдонсо болсо керек. Менин жеке оюм: Ушул акчага келгендердин баарын топтоп эмки жылга сактап кое турган, окмоттун токтомун чыгарыш керек. Антпесек озунор деле ойлонгулачы!
27.12.2018. 08:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Ушундай кылып жазагандан коро өлүп еле албайсыңарбы
27.12.2018. 08:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Баткенде жаны жылдык кече уюштурулбайт экен анын ордуна боор ооруусу менен жабыркагандарга берет экен жардам кылып.ВСЕ БЕРИТЕ пример.бир ооругандын дартына шыпаа табылганы 1000барабар сооп...
27.12.2018. 09:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Болбогон нерсе үчүн атаандашабыз. Мындан көрө экономикасынын көтөрүлүшү боюнча атаандашсак болмок. Жалган маалыматтарды айтпай.
27.12.2018. 09:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Каяктагы конустарды балаты деп отурасынарбы?!!

Темирден каркас тургузуп, ага тукьуу палас жаап, гирлянда илип, светодиоддорду тартып илип койгон. Болгону ошол... Эч кандай арча жок. Ошону балаты деп суктанып отурасынар...

Ош, Бишкек, Жалал-Абаддын ошол конусуна ар бирине болгону 100 мин сомдой акча кеткен. Кооздоо учун дагы 100-200 мин. Ошондо ашып барса 300 мин. Кыскасы уурдап жеп жатышат...
27.12.2018. 10:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Жылда эле балатыга кеткен гирляндия оюнчуктарды сатып ала бербей былтыркыларды иштетсе болбойт бекен!
27.12.2018. 11:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Цифраларды окуп алып куйбогон жерин кул болот го.....
27.12.2018. 12:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Тышкы карызды кутулсанар боло ушундан коро.
27.12.2018. 14:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Баткен шаарынын мэри ким болду экен? Кылган ишинен эле кандай адам экенин билип койсо болот экен да. Азаматсын демекмин мага баары эле кошулаттыр...
27.12.2018. 15:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Каракол шаарынын балатысы сонун болуптур
27.12.2018. 19:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жалалабаддын Балатысына 2миллион кетти дейт, мышык ыйлай турган эле абалдаго
27.12.2018. 21:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кара колдун балатысы жакты. Озум оштон болсом да Кара Колдун балатысы сонун болуптур демекчимин. (менин оюм) эми Акчасына келгенде албетте akylbek57 бир тууганыбыз айткандай 11 миллион 194 миң сом бул аз акча эмес. Ойлонолу кыргызым.
28.12.2018. 09:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эмне деген акчалар бюджеттен кетип атат дагы алдыда салюттарга да озунчо акча болунот болуш керек, айт майрамдарда да бюджеттен акча болунот болду бекен мечиттерге ошол кызык болуп атат
29.12.2018. 02:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тооба кылдым. Негизи бул майрам биздин майрам эмесго эмнеге мыгча чыгым кылабыз. Эмне ушуга бир аз тыю салбайт. Жылына акча кете береби а алып койсо кайра кийинки жылга бир аз аракет кылса кощумча кошсо ошол деле боло беретго эми бир суроода караныздар арзан койсо деле кымбат койсо деле ошол майрам бир кундо отуп кететго э эмнеге биз ушундай майрам учун чачабыз акчаны ал акча кайдан кетип жатат башка нерсеге иштетсек болбойбу? Кыскасы пайдасы жокта
29.12.2018. 03:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ушул миллион деп окуп эле,кайран гана акчалар, 1 кундук майрам учун чачылган. уйу жоктор канча,даарыланууга акча табалбай жургондор канча?
29.12.2018. 10:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ушунча акча кетиргенден коро быйылкы жылдыкын эмки жылга сактап экономдоп жакырларга,майыптарга жардам кылгылада,уйу жокторду уй жагынам камсыздап
29.12.2018. 15:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кыргыздардын баары эле үнөмчүл болуп кеткенби.
29.12.2018. 22:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кантип эле Бишкеке ушунча акча кетсин бултжерде карупця барго
30.12.2018. 10:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эң аз каражат кеткен Баткендики эң кооз болуптур. Ушинтсе болот эле башка шаарлар деле
30.12.2018. 10:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мынча аябай коп акча жегенсинер, ушул килейген Американын шаарларында да мындай елка орнотулбайт. Мен жашаган шаарда аябай кичинекей балаты кооздолуп турат, бюджет $80 дан ашкан эмес. Эмне мынча коротосунар, ар бир шаар атандашасынар?
30.12.2018. 13:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Омееей. Нарындыкына ит эмес мышык ыйлайт го. Калган 100миндер 31-декабрда чачылат экен да.
11.12.2019. 22:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Нарындын елкасы ой елки палки дейт тургандай абалдакен
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: