Пенсионерлер Кыргызстанда кары-картаңдар үчүн атайын дарыкана ачуу сунушун айтышты
Кыргызстанда кары-картаңдар үчүн муниципалдык дарыкана ачуу керектигин социалдык өнүктүрүү министри менен жолугушуу учурунда Кара-Балта шаардык кеңешинин депутаты Валентина Иванова айтты. Министрлик билдиргендей, аталган депутат фармацевтикалык компаниялардын буйругун аткарып, дарыгерлер пенсионерлерге кымбат дарыларды жазып коёт деп эсептейт. "Кары-картаңдар дарыканага келсе дарылар 1,5-2 миң сом экенин айтышат. Муну уккан пенсионерлер дары албай эле кетишет. Мен пенсионермин, азык-түлүк алуудан акча үнөмдөсөк да, күн сайын дары алып туруш керек",- дейт ал.
Автор: Автандил Добулбеков
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
13:58
2025-06-29
13:11
2025-06-29
21:17
2025-06-27
Рейтинг:
0

