super.kg logo

Ош шаарындагы базарларда пиротехникалык заттарды колдонууда коопсуздук эрежелерин сактоо эрежелери эскертилди

 

Бүгүн, 25-декабрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Ош шаардык башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан Экотехинспекциянын өкүлү менен биргеликте Ош шаарындагы “Бостон” жана “Турсунай” базарларындагы сатуучулар арасында пиротехникалык заттарды колдонууда коопсуздук эрежелерин сактоо, өрт кырсыгынын алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Бул тууралуу аталган министрликтин маалымат кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, иш-чаранын максаты Жаңы жыл алдында пиротехникалык заттарды колдонууда коопсуздук эрежелерин сактабагандыктан катталуучу ар кандай кырсыктардын алдын алуу, айрыкча өрт коопсуздук эрежелерин так сактоо боюнча эл арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү болуп саналат. Түшүндүрүү иштеринин жүрүшүндө, “Бостон” жана “Турсунай” базарларындагы өрт өчүрүүчү унаа кирүүчү жолдордун абалы текшерилди.

"Базардын ичине кирүүчү кээ бир жолдор ачык болгону менен, көпчүлүк контейнерлер башаламан жана тыгыз жайгашкандыктан автоунаа өрт болгон жерге чейин жетпей кала тургандыгы аныкталды. Бул тууралуу базарлардын ээлерине түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Базардагы сатуучуларга фейерверктик буюмдарды колдонууда өрт коопсуздук эрежелерин сактоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, пиротехникалык буюмдарды пайдалануудагы коопсуздук боюнча брошюралар таркаталды", - деп айтылат маалыматта.

2017-жылдын 31-декабрынан 2018-жылдын 1-январына караган күнү өлкөдө 20 өрт кырсыгы катталган. Анын ичинен 5 кырсык пиротехникалык эаттарды колдонууда өрт коопсуздугунун эрежесин сактабагандыктан келип чыккан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: