Футбол боюнча Кыргыз улуттук курама командасы жолдоштук беттеште Катардан жеңилип калды

26-декабрга караган түнү Катардын Доха шаарында футбол боюнча Кыргыз улуттук курама командасы Катар курамасы менен беттешти.
Бул беттеш Азия Кубогуна даярдануу максатындагы өткөрүлүп жаткан окуу-машыгуу жыйындарынын алкагында өттү. Беттеш 1:0 эсебинде Катардын жеңиши менен аяктады.
Оюн эки тараптын келишими боюнча жабык тартипте, көрүүчүлөр жана журналисттерсиз өткөн.
Кыргыз улуттук курама командасы 7-декабрдан тарта Катарда окуу-машыгуу жыйындарын өткөрүп жатат. Кыргыз футболчулар 20-декабрда Иордания менен беттешип, 1:0 эсебинде жеңип алган. Ошондой эле Кыргыз курамасы 31-декабрда Палестина курамасы менен беттешет.
Ал эми Азия Кубогу Бириккен Араб Эмираттарында 5-январда башталып, 2-февралда жыйынтыкталат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(1)
take.kg86

26.12.2018. 12:57
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул беттеш фифа нын рейтингине кирбейт ФИФАнын рейтингине кирген Иордания жана Палестина беттеши кирет мен ФИФАнын календарынан көрдүм анда Катар менен болгон ойундун календары жок экен
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.