super.kg logo

Кытайда сойкулар жана алардын кызматынан пайдалангандар үчүн берилүүчү жаза мыйзамы алынмакчы

 

Кытайдын бийлиги көчөлөрдө сойкулук кылган жана сойкулардын кызматынан пайдалангандар үчүн жазаны алып салууну пландап жатат. Мындай маалыматты "China Daily" басылмасы жазды.

Басылма бул маалыматты Бүткүл Кытай чогулушундагы юридикалык маселелер боюнча туруктуу комитеттин жасаган докладына таянып жазып чыккан. Докладда жазылгандай, тиешелүү мамлекеттик кызматтар улуттук мыйзамга өзгөртүү киргизүү үчүн жакынкы аралыкта программа иштеп чыкмакчы.

"Азыркы тартип Конституциядагы адам укуктарын жана эркиндигин коргоо тууралуу жазылган бөлүктүн айрым пункттарына карама-каршы келет. Жаңы мыйзам бул маселени жоюуга жардам берет", - деп жазылат докладда. Кытайда эки айда бир өтүп туруучу Бүткүл Кытай сессиясында ушул аптанын аягында аталган маселе каралмакчы.

Маалымат үчүн:

1990-жылы Кытайдын мамлекеттик кеңеши тарабынан кабыл алынган мыйзамга ылайык, сойкулук менен алектенген жана сойкулардын кызматынан пайдаланган жарандар үчүн 6 айдан 2 жылга чейин эркинен ажыратуу жазасы каралган. Муну менен катар бул кылмышы боюнча айыбы ачылгандар тарбиялоочу лагерлерде кармалып, курстардан өтүп келген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
26.12.2018. 09:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Лагердегилерди мажбурлап иштетишпесе эле...
Eka.kg түзөттү 2018-12-26 09:56:07
26.12.2018. 10:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Сойкулук, сойкулар,сойкуга баргандар кобойот экен да каалаганы, каалаганын каалашынча кылып
26.12.2018. 10:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Ошончо тыюу салып камап атканда токтобогон.Эми козу карындай жайнайт экен да.Бизге дагы экспортоп ийишпесе болду кытайский сойкулардын)))
26.12.2018. 12:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Made in china Sekas))
KYRGYZ_bolson_BRAT түзөттү 2018-12-26 12:04:06
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: