super.kg logo

Японияда 2 адам өлүм жазасына тартылды, дагы жүздөгөн адам өз өлүмүн күтүүдө

 
Японияда эки кылмышкер өлүм жазасына тартылды. Мындай маалыматты жергиликтүү басылмалар өздүк булактарына таянып жазды.
Өлүм жазасы бүгүн, 27-декабрдын таңында Япониянын юстиция министри Такаси Ямаситанын буйругу менен ишке ашкан. Аталган өлкөдө акыркы жолку өлүм жазасына тартуу ушул жылдын июль айында орун алган. Анда "Аум Синрикё" тыюу салынган уюмдун 6 мүчөсү дарга асылган.
Учурда Японияда жүздөгөн адамдар өлүм жазасына тартылуу алдында турушат. Тартип боюнча өлүм жазасы дарга асуу менен ишке ашат. Бирок кылмышкерлерге соттун чечими чыккандан кийин дароо эмес, бир нече жылдан кийин асылышат.
Эл аралык укук коргоочу уюмдар Япония бийлигине өлүм жазасын алып салууну сунуштап келишет. "Өлүм жазасы гумандуулукка жатпайт. Соттолгондор өз өлүмүн жылдап күтүп жашашат, бирок өлөрүн дарга асуу күнү таңда гана билет", - деп сындашат эл аралык укук коргоочу уюмдар. Ал эми Япония бийлиги мындай сынга "башка өлкөлөрдөгүдөй болуп Японияда кылмышкерди кылмыш жасалган жерден атып өлтүрүп салбайт" деп жооп кайтарган.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(9)
27.12.2018. 16:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Мм байкабай ошого кириптер болгондор болсочу
27.12.2018. 16:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Эхх,жашоо!Кызыксын,ширинсин,татаалсын!Бир келген омурду татыктуу жашап,таза олум бер Аллахым!
27.12.2018. 16:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-7
Бизге олум киргизген болсо биринчи орунда ХХХ кетсе керек.
Модератор admin_media түзөттү 2018-12-27 17:42:10
27.12.2018. 17:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Nargiza1987k,Атамбаевди жайына койгулачы уже,ал Кыргызстанды 6 жыл башкарды!Канткен кундо да биздин президентибиз бойдон кала берет!Президент болуп иштеш деле оной эмесдир
27.12.2018. 17:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+18
Педофилдерге ваш балдарды зордуктаган зоокурлорго олум жазасын киргизиш керек бизде срочно!!!
27.12.2018. 22:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Nsh,жаш балдарды эмес кыздарды да зордуктагандарды асыш керек,канчалаган кыз келиндер кордолуп жүрүшөт
28.12.2018. 02:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Тергоо органдары кучтуу болуш керек. Олум жазасы бар жерде
28.12.2018. 12:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Tekecher,туура, анан коррупция жок болушу керек. бизге педофилдерге олум жазасын киргизсе дейбиз,БИРОК, биздин коррупциялашкан олкобуздо бейкуноо олуп кетуу коркунучу 100 пайыз болуп атпайбы?
29.12.2018. 04:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Kyrgyzstanda olum jazasy kirgizse bolboit, olum jazasy bar olkolordo zakon ishteit, kylmyshkerlerdi tak anyktashyp anan jaza koiulat, bizde andai emes.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: