super.kg logo
  Саясат  

Депутат Жамалдинов Суу чарба жана мелиорация министрлигин түзүүнү сунуштады

 

Бүгүн, 27-декабрда парламенттин жалпы жыйынында ар кандай маселелер каралып жаткан учурда депутат Зиядин Жамалдинов суу меселесин көтөрдү.

Депутат Кыргыз мамлекетинде суу негизги байлыктардын бири экенин билдирди.

"Суу ар кайсы мамлекеттик органдарга бөлүп берилген. Таза суу мамлекеттик курулуш, архитектуранын, жер алдындагы суунун кору геологиянын, кээ бир суу сактагычтарыбыз энергетиканын карамагында турат. Бул туура эмес. Мындай жол менен көзөмөл кылууга мүмкүнчүлүк болбой жатат. Ошондуктан баарынын башын чогултуп, Суу чарба жана мелиорация министрлигин түзүү керек. Биз өзүбүздүн суу байлыгыбызды максаттуу колдоно албай жатабыз.

Кайрак жерлерге суу каналдарын куруп, сугат жерлерге айландырсак болот. Суу жетпеген жерлерге бак-дарактарды отургузуп, бакча кылууга мүмкүн. Канчалаган суубуз коңшу мамлекеттерге чыгып кетүүдө, аны сатуу механизмин ойлоп табуу зарыл. Ошол себептен Суу чарба жана мелиорация министрлигин түзүп, мына ушундай тапшырмаларды беришибиз керек", - деди эл өкүлү






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: