super.kg logo
  Саясат  

Адил Турдукулов: "Апрель" телеканалын сотко берүү сөз эркиндигине тоскоолдук кылуу аракети болушу мүмкүн"

 

Саясатчылар Азимбек Бекназаров, Ахматбек Келдибеков жана Кеңешбек Дүйшөбаевдин экс-президент Алмазбек Атамбаевди жана "Апрель" телеканалын сотко берүүсү боюнча Сөз эркиндигин коргоо комитетинин башчысы Адил Турдукулов SUPER.KG`ге пикирин билдирди.

Анын айтымында, бул сөз эркиндигине тымызын бут тосуу аракети болушу мүмкүн.

"Бул үч саясатчынын экс-президентти жана "Апрель" телеканалын сотко берүүсү сөз эркиндигин чектөөгө болгон аракет болушу мүмкүн. Анткени ушундай жол менен бир нече жалпыга маалымдоо каражаттары жабылган.

Мисалы, "Заноза" сайты сот канааттандырган ири көлөмдөгү айып пулдан улам, каржылык көйгөйгө туш болуп жабылганга аргасыз болгон. Ошондуктан жарандык коом, журналисттер өздөрү Атамбаевге болгон мамилеси кандай экенин эске албай, мындай аракеттер менен күрөшүүбүз керек. "Апрель" телеканалы жабылып калса, жарандардын эркин маалымат алуу укугу бузулат.

Соттордун кандай иштеп жатканын билебиз. Ошондуктан 3 саясатчынын арызын толук канааттандырып коюшу мүмкүн. Келдибеков, Бекназаров, Дүйшөбаев "Апрель" телеканалын эмес, Атамбаевдин өзүн сотко берсе болмок", - деди Турдукулов.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 5 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: