super.kg logo

26-декабрда “Дордой Плаза” соода борборунда ата-энесиз калган балдар үчүн жаңы жылдык балаты майрамы өттү

 

Жаңы жыл – белектердин жана кереметтердин мезгили. Тилекке каршы, жаңы жылдык майрам алдында бардыгына көңүл бурулбай калат. Мындан улам кечээ, 26-декабрда "Дордой Плаза" соода борбору "SOS деревни" балдар үйүнүн тарбиялануучулары үчүн майрам уюштурду.

Иш-чаранын жүрүшүндө "Дордой Плазанын" жетекчилиги кызыктуу программаны даярдады. Балдарды кинотеатрга алып барып мульт тасма көрсөтүү, майрамдык тамактануу, "Мамалак" сейил багында ойнотуу, Аяз ата менен Аяз кыздын катышуусунда балаты өткөрүү жана белектерди тартуулоо программага кирди.

"Ар бир адам үчүн бул дүйнө биздин жалпыбыздын үйүбүз экенин түшүнүү маанилүү. Ар бирибиз үчүн адамдарга жардам берүү биздин милдетибиз деп эсептейм, анткени ошентип гана биз дүйнөнү жакшырта алабыз. Бүгүн кылган ишибизди дайыма жасайбыз. "Дордой Плазанын" жетекчилиги оор абалда калган балдарга өздөрүн сүйүктүү жана керектүү сезүүгө жардам берет", - деди "Мамалак" балдар аянтчасынын жана "Синематика" кинотеатрынын жетекчиси Фархат Каниметов.

Балдар майрамга абдан сүйүнүштү, ар бири Аяз атанын сакалын кармаганга аракет кылды. Балатыда салттуу сынактар, оюндар ойнотулуп, ырлар аткарылып, күтүлгөн белектер берилди. Уюштуруучулардын айтымында, алар балдар үйлөрүнүн тарбиялануучулары үчүн мындай иш-чараларды өткөрүүгө кубанычта, анткени балдарга көңүл буруу жана кам көрүү маанилүү.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 6 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: