super.kg logo

Депутат Мирлан Бакиров элди сапаттуу үрөн менен камсыздоо, каржылык абалды жөнгө сала турган мыйзам долбоору тууралуу айтты

 

Бүгүн, 27-декабрда парламенттин жалпы жыйынында "Үрөнчүлүктөгү мамлекеттик дотация жөнүндө" мыйзам долбоору 3-окууда каралып, добуш берүүгө жиберилди.

Баяндамачы депутат Мирлан Бакиров аталган мыйзам долбоорун кабыл алуу республикадагы үрөнчүлүктүн өнүгүүсүнө тоскоолдук болгон эки негизги маселени чечүүгө жол берерин айтты.

"Биринчиден, айыл чарба товар өндүрүүчүлөрү сертификатталган сорттуу үрөндөрдү төмөндөтүлгөн баада сатып алууга мүмкүндүк алышат. Бул түшүмдүүлүктү жана өндүрүлгөн продукциянын сапатын жогорулатууда оң натыйжага алып келет. Экинчиден, үрөнчүлүк чарбаларына өстүрүлгөн үрөндөрдү толугу менен дотациялык баада сатууга мүмкүндүк берет. Муну менен алар өздөрүнүн каржылык абалын бекемдеп, сертификатталган сорттуу үрөндөрдү өндүрүүнүн көлөмүн бир кыйла жогорулата алат", - деди эл өкүлү.

Учурда республика аймагында 109 үрөн чарбасы бар. Алар 31 миң гектар жерге үрөн өстүрүү менен алектенет.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(2)
27.12.2018. 15:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушундай көйгөлүү проблеманы чечип иштешсе өлкөбүз өнүүгөт.Дыйкандар үчүн айыл чарбасында өнүүгү болмок !!!
27.12.2018. 18:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
30 жылдан бери урондун жаны сортторун элге сунушташканын коро элекмин. эле оз киндигин озу кесип эле журот.азыркы министр жон эле уктап кайра туруп эле кун откоруп журот. салмагы да ошончо.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: