super.kg logo
  Саясат  

Каракөл шаарында “Кайыңды” балдар лагеринин 2-бөлүгүнүн ачылышы болду

 
Каракөл шаарындагы "Кайыңды" балдар лагери
Лагердин 2-агымынын ачылыш аземи шаңдуу маанайда өттү
Вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев лагердин 2-агымынын ачылышына жаңы келген учур
Иш-чарада балдар концерттик программа тартуулашты
Тайырбек Сарпашев балдарга жакшы эс алуу жана кең келечек каалады
Вице-премьер-министр тарабынан балдарга берилген белектер
Кыздар "Gangnam Style" ырына бийлешти
Лагердин күн тартиби боюнча "Тескери күн" номуру келген күнү балдар кызга айланышат экен
"Тескери күндүн" каармандары "Насиба" бийин бийлешти
Балдардын концерти вице-премьер-министрдин маанайын көтөрүп, ал ар бир аткарылган ыр бийге кол чаап отурду
Концертте лагерде эс алган балдар өз өнөрлөрүн тартуулады
Иш-чаранын соңунда вице-премьер-министр балдар тегеренип ойной турган отту тутантып берди
Иш-чаранын соңунда вице-мремьер-министр балдар тегеренип ойной турган отту тутантып берди
Вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев 16-июлда Жалал-Абад облусун Каракөл шаарында “Кайыӊды” балдар лагеринин 2-бөлүгүнүн ачылышына катышты. Анда вице-премьер-министр эс алууга келген балдарды куттуктап, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен биргеликте балдарга өзүнүн белектерин тапшырды. Иш-чарада балдар концерттик программа тартуулашып, соңунда Сарпашев балдар тегеренип ойной турган отту (костёр) тутандырып берди. Айта кетсек, учурда лагерде 7 жаштан 14 жашка чейинки 165 бала эс алууда. Лагерде 8 тарбиячы, 1 дене тарбия мугалими жана башка кызматкерлер болуп жалпы 27 адам иштейт. 





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: