super.kg logo
  Саясат  

Саясий ишмер Мукар Чолпонбаев: "Президенттик аппараттын депутаттардын ишине кийлигишип, көрсөтмө бергенге эч кандай укугу жок"

 

Жогорку Кеңештин депутаттары "президенттик аппарат ишибизге кийлигишип, кысым кылып жатат" деп айтып нааразы болушууда. Алгач депутат Эльвира Сурабалдиева президенттин парламенттеги өкүлү Курманбек Дыйканбаев коркутканын айтып чыкты. Бүгүн, 27-декабрдагы парламент жыйынында депутат Дастан Бекешев да "президенттик аппарат агитация кылбасын, тоскоолдук кылбасын" деп нааразычылык билдирди.

Буга байланыштуу SUPER.KG порталынын "Президенттик аппарат депутаттардын ишине кийлигишип жатат" деп экинчи эл өкүлү айтып чыкты. Парламентаризмди курууда мындай аракеттер кандай жыйынтыкка алып барат? деген соболуна саясий ишмер Мукар Чолпонбаев жооп берди.

Саясий ишмер билдиргендей, эл өкүлүнө элден башка эч кимдин көрсөтмө бергенге укугу жок.

“Биз башынан айтып келе жаткандай депутаттар элдин өкүлү эмес. Эгер ар бир депутат өзүнчө элдин добушун алып келе турган болсо, алар мынчалыкка макул болбойт болчу. Президенттик аппараттын депутаттардын ишине кийлигишип, көрсөтмө бергенге эч кандай укугу жок. Анткени парламенттик өлкө деп аталып калгандан кийин бардык маселени Жогорку Кеңеш чечип, өкмөт аркылуу ишке ашырышы керек.

Бирок Конституциядагы эң чоң кемчилик - ички жана тышкы саясаттын негизги багыттарын ким аныктай тургандыгы так көрсөтүлгөндүгүндө. Мындан улам экс-президент Алмазбек Атамбаев учурунда ушундай эле парламент ага толук бойдон баш ийип, мыйзам кабыл алышкан. Анда ички жана тышкы саясатты президент өзү аныктайт деп жазылган. Ошонун кесепетинен ушул келип чыгып жатат. Конституциянын, мыйзамдардын кемчилигинен ушундай болуп жатат”, - дейт Чолпонбаев.

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев, экс-депутаттар Камчыбек Ташиев, Равшан Жээнбеков, саясат таануучулар Эмил Жураев, Марс Сариев, коомдук ишмер Төлөгөн Келдибаевдин жообу бул шилтемеде.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: