super.kg logo

Согуш маалында дайынсыз жоголгон туугандарынын көмүлгөн жерине барып келүү үчүн бир кишиге 178 миң сом керек

 

Бүгүн, 27-декабрда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында "Согуштун, Куралдуу күчтөрдүн ардагерлери жана ооруктагы эмгекчилер жөнүндө" мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу" мыйзам долбоору каралды.

Анда Улуу Ата Мекендик согушта Кыргыз мамлекетинен 56 миң киши дайынсыз жоголгону айтылды.

Аталган мыйзам долбооруна киргизилген өзгөртүү боюнча маркум аскерлердин туугандарына жакын адамы көмүлгөн жерге барып келүү үчүн чыгымдарды төлөп берүү каралган.

Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Ализа Солтонбекованын айтымында, согуш маалында дайынсыз жоголгон туугандарынын көмүлгөн жерине барып келүү үчүн каражат сурап болгону 12 арыз түшкөн. Ошондой эле кыргыз жоокерлери жашырылган делген 925 жер такталганын кошумчалады.

"Бир кишинин эле жол киресин камсыздоо үчүн 178 миң сом керек. Андыктан өкмөттө маркумдун жакындарынын чыгымдарын төлөп берүү үчүн каржы булагы жок болгондуктан бул мыйзам долбоору четке кагылып келген", - деди Солтонбекова.

Депутат Мирлан Жээнчороев өз кезегинде бул багытка миллион сомго жетпеген каражат керектелерин айтып, аны премьер-министр өзүнүн фондунан акча бөлүп берсе болорун белгиледи.

Ал эми эл өкүлү Бахадыр Сулейманов мыйзам долбоору эки жыл мурун биринчи окууда жактырылганын айтып, өкмөт аны колдоого алганын эске салды.

"Эмнеге башында колдойсуңар да, азыр каршы чыгып жатасыңар. Ошол акча булагын табууну, аны бөлүштүрүүнүн жол-жобосун иштеп чыкпайсыңарбы! Бул маселеге өкмөт даяр эместигин көрсөттү", - деп нааразычылыгын билдирди.

Жыйынтыгында аталган мыйзам долбоору кабыл алынган жок.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: