super.kg logo
  Саясат  

Саясат таануучу Марс Сариев: "Азыркы учурда президенттик аппараттын Жогорку Кеңештин ишине кийлигишкенин байкаган жокмун"

 

Жогорку Кеңештин депутаттары "президенттик аппарат ишибизге кийлигишип, кысым кылып жатат" деп айтып нааразы болушууда. Алгач депутат Эльвира Сурабалдиева президенттин парламенттеги өкүлү Курманбек Дыйканбаев коркутканын айтып чыкты. Бүгүн, 27-декабрдагы парламент жыйынында депутат Дастан Бекешев да "президенттик аппарат агитация кылбасын, тоскоолдук кылбасын" деп нааразычылык билдирди.

Буга байланыштуу SUPER.KG порталынын "Президенттик аппарат депутаттардын ишине кийлигишип жатат" деп экинчи эл өкүлү айтып чыкты. Парламентаризмди курууда мындай аракеттер кандай жыйынтыкка алып барат? деген соболуна саясат таануучу Марс Сариев жооп берди.

Ал "Президенттик аппарат депутаттардын ишине кийлигишип жатат" деген эки депутаттын окуясын текшерип, изилдеп көрүү керектигин айтты.

“Жогорку Кеңештин ишине президенттик аппарат такыр эле кийлигишпеш керек. Кийлигишүү деген басым кылуу дегенди түшүндүрөт. Президенттик аппарат депутаттардын ишине кийлигишсе, Бакиевдин убагындагыдай эле абал болуп калат. Мындай нерсе Бакиевдин убагында болгон. Ал эми Атамбаевдин убагында андай болгон эмес. Азыркы учурда президенттик аппарат Жогорку Кеңештин ишине кийлигишкенин байкаган жокмун. "Президенттик аппарат депутаттардын ишине кийлигишип жатат" деп эки депутаттын айтып чыкканын текшерип, изилдеп көрүү керек”, - дейт Сариев.

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев, саясий ишмер Мукар Чолпонбаев, Жогорку Кеңештин экс-депутаттары Камчыбек Ташиев, Равшан Жээнбеков, саясат таануучу Эмил Жураев, коомдук ишмер Төлөгөн Келдибаевдин жообу бул шилтемеде.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: