Президент Алмазбек Атамбаев менен тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев күзүндө Бишкекте өтүүчү ШКУнун саммити тууралуу сүйлөшүштү

Тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев өлкө башчыга Ысык-Көлдө өткөн ШКУга мүчө мамлекеттердин тышкы иштер министрлеринин жыйыны боюнча маалымат берди
Президент Алмазбек Атамбаев бүгүн, 18-июлда тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаевди кабыл алды. Жолугушууда министр 13-июлда Чолпон-Атада өткөн ШКУга мүчө мамлекеттердин тышкы иштер министрлеринин жыйыны боюнча маалымат берди. Ошондой эле Кытай өлкөсүнүн төрагасы Си Цзиньпиндин Кыргызстанга болгон иш сапарына карата даярдыктын жүрүшү тууралуу да айтып берди Абдылдаев. Президент Алмазбек Атамбаев сентябрь айында ШКУнун Бишкекте өтүүчү саммитине байланыштуу бир катар тапшырмаларды берди министрге.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
14:05
2025-06-30

11:17
2025-06-30

13:58
2025-06-29
13:11
2025-06-29
Рейтинг:
0