super.kg logo

Өкмөттүн Фискалдык жана инвестициялык саясат боюнча кеңешинин кезектеги отуруму өттү

 

Кечээ, 27-декабрда премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин төрагалыгы алдында өкмөттүн Фискалдык жана инвестициялык саясат боюнча кеңешинин кезектеги отуруму өттү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жыйындын жүрүшүндө суу ресурстарынын климаттын өзгөрүүсүнө жана табигый кырсыктарга туруктуулугун жогорулатууга багытталган эки инвестициялык долбоор, ошондой эле "Камбар-Ата-2" ГЭСи экинчи гидроагрегатын пайдаланууга берүү" долбоорун ишке ашыруунун алкагындагы "Камбар-Ата-2" ГЭСин иштетүүнүн коопсуздугун камсыздоо боюнча иш-чаралардын планын каржылоо долбоору каралды.

Тиешелүү багыттар боюнча маалыматтар тууралуу өлкөнүн тармактык министрликтеринин жана мекемелердин жетекчилери билдиришти.

Талкуулардын жүрүшүндө өкмөт башчы насыяларды кайтаруунун натыйжалуу механизмин иштеп чыгуунун маанилүүлүгүнө өзгөчө көңүл бурду.

"Мындан ары бизде милдеттүү түрдө дал ушундай механизм болушу керек. Мындай мамиле болбоого тийиш. Биз муну кийин келүүчүлөрдүн көйгөйү деп ойлогонубуз туура эмес. Анткени келечекте биздин балдарыбыз келет, эгерде биз күчтүү экономика, кубаттуу өлкөнү калтырбасак, анда алар бул жүктү кантип көтөрүшөт? Мисалы, учурда биздин салык төлөөчүлөр дээрлик качандыр бир кезде алган насыяларын төгүп жатышат. Ошондуктан биз насыялар боюнча акча каражаттарын кайтаруунун натыйжалуу механизмин иштеп чыгуу маселесин өзгөчө дыкат карап чыгууга тийишпиз", - деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Отурумдун жыйынтыгы боюнча кеңештин мүчөлөрү жогоруда көрсөтүлгөн инвестициялык долбоорлорду айтылган сунуштарды жана эскертүүлөрдү эске алуу менен жактыруу чечимин кабыл алышты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: