super.kg logo

ЖЫЛНААМА, 28-ДЕКАБРЬ: 117 жыл мурун көрүнүктүү коомдук-саясий ишмер Жусуп Абдрахманов төрөлгөн

 

1901-жылы 28-декабрда Кыргыз мамлекеттүүлүгүн түптөөчүлөрдүн бири, Кыргыз ССРинин Эл комиссарлар кеңешинин төрагасы, кыргыз калкынын көрүнүктүү уулу, белгилүү саясий жана коомдук ишмер Жусуп Абдрахманов төрөлгөн.

Ал Каракол уездиндеги Күнгөй Ак-Суу болуштугунун Чиркей айылында бай-манаптын үй-бүлөсүндө жарык дүйнөгө келген. Бала чагы Сазановка айылында өтүп, 3 жылдык жергиликтүү орус мектебин бүтүргөн. 1914-жылы Караколдогу шаардык жогорку училищеде окуп, 1916-жылкы окуя анын билим алуусуна кедергисин тийгизген. 1920-жылдан тарта ал партиялык кызматка аралашып, 1924-жылы Түркстан Борбордук аткаруу комитетинде жооптуу катчынын милдетин аткарган. 1927-жылы 12-мартта 26 жашында Кыргыз автономиялык облусунун Элдик комиссарлар кеңешине төрагалык кызматка дайындалган.

Абдрахманов өз элинин тарыхын изилдөөчү катары республиканын тарых илиминин өнүгүшүнүн башатында турат. Анын Кыргыз мамлекетинин тарыхы боюнча алгачкы эмгеги 1928-жылы "Кыргызстан" деген ат менен жарык көргөн. Мындан тышкары анын 1916-жылкы көтөрүлүш жөнүндө чындык жана акыйкат өңүтүндө жазылган "Күндөлүгү" жана башка китептери белгилүү.

1933-жылы сентябрда Жусуп Абдрахманов "Коммунисттик партияга каршы аракеттенген" деген жалаа менен ишинен бошотулуп, партиянын катарынан чыгарылган. 1937-жылы 10-июнда "контрреволюциячыл "Алаш-Ордо" уюмунун катышуучусу" деген жалаа менен камакка алынган. 1938-жылы 5-ноябрда бейкүнөө атылган, бирок 1958-жылы кайрадан акталган.

28-декабрга карата жылнаама.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
28.12.2018. 09:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кайран адам, жапжаш болуп туруп кыргыз эли учун, кыргыз мамлекеттуулугу учун нар которгус иштерди жасап кеткен. Бугунку кундогу Кыргыз мамлекетинин эгемендуу жашап жатышына бул адамдын туздон-туз тиешеси бар.
28.12.2018. 11:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Өзүбүздүн кыргыздар аттырганда жалгандан жамандап биздин ушундай жаман адаттарыбыз дагы деле жашап жатат.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: