super.kg logo

Жумгалдагы сууга түшүп кеткен техника 4 күндөн кийин чыгарылды

 

Жумгал районундагы кар күрөө үчүн айдалып барып, сууга түшүп кеткен техника суудан чыгарылды. Маалыматты ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.

"23-декабрь күнү Чаек айылынын Шортон тилкесинде МТЗ-89 үлгүсүндөгү трактордун айдоочусу муз аянтчасынын карын сүрүп жаткан учурда муз жарылып, трактор жарымына чейин сууга түшүп кеткен. 27-декабрь күнү тракторду суудан чыгаруу үчүн айыл аймактан 1 жүктөгүч, 1 трактор, 1 ГАЗ-53 унаасы жана ӨКМнын №43 Аскерлештирилген өрт-куткаруу бөлүгүнөн 4 куткаруучу барып, унааны суудан чыгарышкан", - деп билдирет басма сөз кызматы.

Суудан чыгарылган техника Чаек айылына бир айдай убакыт мурун грант аркылуу алынып келингени маалым. Аны Шортон көлмөсүнүн үстүнө тоңгон музду хоккей аянтчасына даярдоо үчүн кар күрөгөнү айдап барышкан. Тракторду муз көтөрө албай, ал сууга түшүп, жарымынан көбү суу астында калган.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(5)
28.12.2018. 10:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Анан трактор иштеп жатабы? Эми январда келгиле кар курогону бирок муз жакшы тонгондо
28.12.2018. 10:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Дүйнөлүк олимпиада оюндарындагы муз аянтчасын да трактор мн тазалашпайт кенедей болгон жерди өзүңөр эле тазалап койсонор мынчалык азап тартмак эмессинер
28.12.2018. 11:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Журуп атыптырбы? мотор,коробкага суу кирип кетти да.
28.12.2018. 16:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Муз кантип котормок эле тракторду кайсы келесоо ойлоду экен муну
28.12.2018. 19:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Акыл эсинен айныган немелер го. Муз тракторду эмес чоңураак кишини көтөрө албай кетет кээ бирде. Сөз жок кыскасы.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: