super.kg logo

Студент кыздар арасында "Билайн сулуусу" сынагы өтүп, жеңүүчүлөр баалуу белектерге ээ болушту

 

Тез ылдамдыктагы интернетти жана мыкты байланышты камсыздагандан тышкары жарандарга жайдары маанай тартуулоону да колго алып келе жаткан Beeline компаниясы дагы бир жагымдуу иш-чараны уюштурду. Бул жолу аталган компаниянын Бишкек шаарындагы жаңы кеңсесинде студент кыздар арасында өткөн "Билайн сулуусу" сынагынын жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземи болуп өттү.

Сынактын уюштуруучуларынын бири компаниянын кызматкери Азиза Берманова бул сынакка 180ден ашык бийкеч катышканын айтат.

"Beeline Wi-Fi орнотулган бардык жогорку окуу жайларда окуган кыздар сынакка катышуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болду. Сынактын шарты боюнча кыздар биздин компаниянын баракчасына сүрөтүн жөнөтүп, "жакты" белгисин көп санда топтошу керек болчу. Сынакты өткөрүүгө Beeline'дан Wi-Fi орнотулган "Бублик" жана "Империя пиццы" кафелери өнөктөштүк кылышты.

Калыс чечим болушу үчүн биз чакан окуу жайлар жана ири окуу жайлар деп 2 бөлүккө бөлүп алдык. Чакан окуу жайдан 3, ири окуу жайдан 3 кыз жеңүүчү болду", - деди Берманова.

Сыйлык тапшыруу аземи шаңдуу башталып, заманбап ыр-бийлер менен коштолду. Адегенде "Сыйкырдуу сулуу" жана "Ажарлуу сулуу" номинацияларынын ээлери аныкталып, сынак өткөрүүгө өнөктөш болгондор жеңүүчүлөргө баалуу белектерин ыйгарышты.

Андан кийин эл алдына 2-орунду ээлеген 2 кыз чакырылып, баалуу белектерге ээ болушту. Ошентип көпчүлүк күткөн, толкунданткан учур келип жетип, "Beeline сулуусу" сынагынын жеңүүчүлөрү белгилүү болду. Эң көп "жакты" белгисин топтогон Алтынай Эмилбекова жана Айдана Молдобаева компаниядан iPhone'дун эң акыркы үлгүсүндөгү смартфондорду утуп алышты.

Кубанганын жашырбаган "Beeline сулуусу" Айдана Молдобаева жеңишин да, iPhone'ду да күтпөгөнүн айтат.

"Атаандаштардын баары татыктуу болчу, мындан улам жеңем деген ишенич болгон жок. Бирок мен окуган И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин студенттери, апам жана ал иштеген жердеги жамааты, көптөгөн тааныштардын колдоосу менен ийгилик жылмайды. iPhone алуу оюма да келген эмес, Жаңы жыл алдындагы эң мыкты белек, маанай болду. Beeline'га рахмат", - дейт Молдобаева.

"Супер сулуу-2016" сынагында "Сымбаттуу сулуу" наамын жеңип алган модель Алтынай Эмилбекова бул ирет да жеңишти багындырып, заманбап iPhone үлгүсүндөгү телефонду утуп алды.

"Мен Президенттин алдындагы башкаруу академиясында 2-жогорку билимимди алып жатам. Бул сынакка катышкан кыздарга караганда социалдык тармактагы баракчамда катталуучулардын саны бир топ эсеге көп. Бирок мен өзүмдү ал жактан жарнамалап, добуш бергиле деп суранган жокмун. Чынында командам менин жеңишим үчүн аракет кылып, көп добуш топтолду. Намыс үчүн да жеңишке жетишим керек деген ой келген", - деди ал.

Beeline компаниясы учурда билимди кеңейтүүнүн булагы болгон интернет бардык окуу жайларда студенттер үчүн сапаттуу жана жеткиликтүү болушун каалайт. Мындан улам компания студенттер менен тыгыз иштешүү максатында кезектеги иш-чараны уюштурган.

Буга чейин Beeline кардарына жасаган мамилеси менен бүтүндөй өлкө сыймыктанган Кайрат Тентимишевдин мекенине келип кетишине көмөк көрсөткөн.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: