super.kg logo
  Саясат  

Ош шаарындагы "Тазалык" ишканасы рейд жүргүзүп, жеке клиникалардын бирине айып салынды

 
"Тазалык" ишканасы менен мобилдүү топтун биргелешкен аракетинин максаты - шаардыктарды тазалыкка чакыруу
"Тазалык" ишканасы менен мобилдүү топтун биргелешкен аракетинин максаты - шаардыктарды тазалыкка чакыруу
Мындай рейддер түнкүсүн 2 жана 5-күндөрү жүргүзүлөт
Рейддин жыйынтыгында майда эреже бузгандарга эскертүү берилди
Ош шаарындагы атайын түзүлгөн мобилдүү топ менен "Тазалык" ишканасынын кызматкерлери шаардын борбордук көчөлөрүндө рейд жүргүзүштү. Рейд 16-17-июль күндөрү Ленин, Курманжан Датка, Гапар Айтиев, Сүйүнбаев жана А.Навои көчөлөрүндө жүрүп, анда шаардагы таштанды көйгөйү көтөрүлгөнүн мэрия билдирет. Шаардагы тазалык боюнча иш алып барган "166" кызматынын башчысы Өмүрбек Эрнисов "жашоочулар таштандыны туш келди таштай беришет. Аны атайын урналарга гана таштоо керектигин аларга түшүндүрүүгө аракет кылдык",- дейт. Рейддин жыйынтыгы менен жеке клиникалардын бирине айып салынып, калган майда эреже бузуучуларга эскертүүлөр берилди. Мобилдүү топтун мындай текшерүүлөрү күн сайын, түнкү тенкшерүүлөрү 2 жана 5-күндөрү болот.  





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: