super.kg logo

Рак оорусунан улам бир көзүнөн, жаагынын бир тарабынан айрылган Баатыр Баназаров оор абалда. Апасы коомчулуктан жардам сурайт

 

Рак оорусунан улам бетинин бир бөлүгү, бир көзү, эрининен айрылган Баатыр Баназаров оор абалда ооруканада жатат. Бул тууралуу апасы Саткын Баназаровага байланышканыбызда бүгүн, 28-декабрда билдирди.

Анын айтымында, бейтап 4 күн мурун оор абалда Жалал-Абаддагы Кербен шаарындагы ооруканага алып келинген. Дарыгерлер анын каны азайып кеткенин айтышып, кан куюу керек экендигин билдиришкен.

"Балам өз алдынча баса албай, кубаты качып, табити жок болуп калды. Оорусу болсо күчөп кетти. Айласыздан ооруканага алып келдим. Дарыгерлер кан куюп, эми аз-аздан күч алып, сүйлөп, көңүлү ачыла баштады. Дарыгерлер жакшы көңүл буруп карап жатканы менен, кан, дары-дармек, бинттен бери акча. Бул каражатты таба албай башым катып турат. Мындан улам боорукер адамдардан аз-аздан болсо да жардам берүүсүн суранам", - деди Баназарова.

Айта кетсек, буга чейин Жалал-Абад облусуна караштуу Аксы районунун 34 жаштагы тургуну Баатыр Баназаровдун абалы күндөн-күнгө начарлап жаткандыгы маалымдалган. Ал апасы менен Бишкек шаарына келип, кайрымдуу адамдардан жардам чогултула баштаган. Кийин Улуттук онкологиялык борборуна жаткырылып, дарыгерлер анын 12 жылдан бери рак илдети менен күрөшүп келгендигин билдирген. Аз убакыт аралыгында Баназаровдун саламаттыгына кайдыгер карабаган адамдардан акча топтолуп, ал дарыгер Азамат Кошалиев менен бирге Индияга дарыланууга барган. Ал жактан операция жасалып, ушул жылдын март айында бейтап аман-эсен Кыргыз жерине кайтып келген.

Жардам көрсөтүүнү каалагандар үчүн Саткын Баназарованын байланыш номери 0773 679 822.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
29.12.2018. 10:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
злокачественный окшойт,айыгып кетсе экен
29.12.2018. 13:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
nursiyanur,жаман созду оозанба
29.12.2018. 17:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
meni_kut,ушу балага убал болду го вообще, ой окмот еле жардам берип коющпайбы жалдыратып кайра кайра элден жардам суратпай,балаты елкаларга миллиондогон акча сарпташат, канчалагвн чириген байлар миллионерлерибиз бар, ошолордун бироосу жардам берип койсо кедей болуп кетишпейтго итак миллиондоп грабят кыргызстанды, тойбогурлар!!! Сакайып кет эми,бир жакшылык болуп калар сага элден, колдон келсе жардамым берет элем, ну бере алам дечи бир 50 евро ашып кетсе, озумдунда 3 балам бар.просто жалко ба
29.12.2018. 17:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Avrora2017,жаллко да балага абдан жалко
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: