Астротөлгө: 29-декабрда төрөлгөндөр баш айланткан бийиктикти багынта алууга жөндөмдүүбү?
29-декабрда жарыкка келгендер мамилечил болуп, элдин арасында болгонду жактырышат. Убакытты үнөмдүү пайдаланып, коомдук иштерге аралашуу менен маданий, руханий да эс алууга жетишишет.
Достору, кесиптештери менен болгон ырксыз мамиледен, чуудан алыстыгы, пикир келишпестиктерди жоё алышы жогорку баага татыйт. Ар түрдүү кырдаалдарда өзүн диктатор катары көрсөтпөй, жөнөкөйлүк менен өз оңтоюна ылайык чече алышат.
Карьерасында баш айланткан бийиктиктикти багынта алууга жөндөмдүү. Узак убакытка ишенимдүү лидер боло алышат. Сүйүктүүсүнө талабы катуу болбосо да, өзү сүйүктүүсүнүн купулуна толуу үчүн бардык күч-аракетин сарптайт.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:53
2025-06-25

15:16
2025-06-25

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.