super.kg logo
  Саясат  

Эксперт Руслан Акматбек: “Сөз эркиндигин чектөө жакшы жакка алып барбайт”

 

Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Ахматбек Келдибеков, мурдагы баш прокурор Азимбек Бекназаров, УКМКнын мурдагы башчысы Кеңешбек Дүйшөбаев оппозициялык “Апрель” телеканалын сотко берди. Буга аталган телеканалда көрсөтүлгөн экс-президент Алмазбек Атамбаевдин 10-декабрдагы маеги негиз болууда. Доогерлер экс-президент тарабынан өздөрүнө карата такай кемсинткен жана ар-намысына, кадыр-баркына шек келтирген, чындыкка туура келбеген маалыматтардын жарыяланышына жана анын элге таратылышына нааразы. Үч саясатчы ар бири 6 миллион сомдон “Апрель” телеканалынан жана Атамбаевден, жалпы 18 миллион сом өндүрүп берүүнү талап кылышууда.

SUPER.KG порталынын "ЖМКларды миллиондогон сомдук доого жыкмай дагы башталды. Сөз эркиндиги корголбогон мамлекетте өнүгүү болобу?" деген соболуна эксперт Руслан Акматбек жооп берди.

Ал чуулгандуу иштер коомчулуктун кийлигишүүсү менен ачык-айкын болгондо гана чечилип каларын айтты.

“Өлкөбүздө бир көйгөйдүн чечилиши үчүн сөзсүз түрдө ал коомчулукка тарап, коомчулуктун көңүл чордонунда гана орун алышы керек. Ошондо гана маселе чечилет. Бул баалуулук сөз эркиндиги экенин билдирет. Анткени башка институттар өнүгүүгө салым кошо албай, коомдун көйгөйлөрүн чече албай жатышат. Биз ушул баалуулугубузду көзүбүздүн карегиндей сакташыбыз керек. Ушунун арты менен экономикабыз өнүгөт, коом алдыга жылат. Ошондой эле эл аралык коомчулукта имиджибиз көтөрүлөт.

Сөз эркиндигин чектөө менен жакшылыкка барган жокпуз. Жакынкы тарыхыбыздагы эки төңкөрүш тең сөз эркиндигин чектөөдөн келип чыккан. Акыркы ажонун да сөз эркиндигин чектегени жакшы жолго салган жок. Эми биз бул жолго түшпөй, эркиндикти чектейм дегенге белсенбешибиз керек. Сөз эркиндигин сактоо үчүн коомчулук, ЖМК дагы жапатырмак туруп беришибиз зарыл. Карышкыр тийген койдой болуп бирөөнүн сөз эркиндиги чектелип жатса, баарыбыз карап туруп калуудабыз. Ошондуктан өзүбүз сөз эркиндигинин чектелүүсүнө уруксат бербешибиз керек”, - деди Акматбек.

Сөз эркиндигин коргоо комитетинин башчысы Адил Турдукулов, конституциялык палатанын мурдагы судьясы Клара Сооронкулова, саясий серепчи Игорь Шестаков, журналист Шайырбек Абдырахманов жана журналист Эрнис Кыязовдун пикири бул шилтемеде.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: