super.kg logo

Өзбекстанда мугалим аялды жарандык никедеги күйөөсү балталап салды

 

Өзбекстандын Самарканд облусунун Каттакурган шаарында орто мектептин мугалимин жарандык никедеги күйөөсү балталап салды. Окуя 25-декабрда болгонун жергиликтүү маалымат булактары жазышууда.

Маалыматка ылайык, жабырлануучу аял аз жерден аман калган. Аны оор абалда мектептин дарбазасынын түбүндө жаткан жеринен тургундар көрүп калышкан. Мектепте иштегендердин бири окуя тууралуу буларга токтолгон: "Аял мурунку күйөөсү менен ажырашып кетип, бул киши менен жашап жүргөн. Эртең мененки саат 9да адамдын ачуу кыйкырыгы угулуп калды. Биз сыртка чуркап чыгып, кесиптешибиздин денесинин баары кан болуп жатканын көрдүк. Кийин билсек, аны күйөөсү балта менен чаап, өзү качып кетиптир".

Ал эми укук коргоо органдары кылмышка шектүү кармалганын маалымдаган. Анын мындай кадамга баруусуна кызганыч себеп болгонун айтып берген. Мугалим аял ооруканалардын биринде дарыланууда. Ал мурдунан, колунан, тизесинен жана бетинен жаракат алган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(6)
28.12.2018. 21:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+20
Кызгансан озунду балтала бироону эмес, кызганганга шарт тузбо ал учун суйдур аялды бир гана сени деп жашагандай кылып. Сени суйо албаса сен суйсон омур бою кызганып отосун.
28.12.2018. 23:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+16
Ушул жанылыктын эмне кереги бар эле же жагымдуу болбогондон кийин озбекстанда болуп жатса
28.12.2018. 23:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+14
Супер инфо сиздерден сураныч ушуга окшогон жаман жанылыктарды чыгарбагылачы админ суранам жеткизип туура түшүнөсүнорго деген үмүттөмүн.Биз кыргыз республикасынын өнүгүшүн каласак дайыма жакшы кабарларды угушубуз керек
30.12.2018. 20:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
ilgiz-kg01,анда гезит кызыксыз болуп калат.жакпаса окубай эле койгула
29.12.2018. 02:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Ата бабалар айткан жаманын жашыр,жакшысын ашыр деп.Супер инфо биз силерден жалан жакшы жанылык кутобуз.
29.12.2018. 08:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Өзбекистанда буларды ачык жарыя кылбаса керек
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: