super.kg logo
  Саясат  

Өзгөндө айдоочу менен МАИ кызматкеринин чатагы массалык мушташка айланып кетейин деди

 

Ош облусунун Өзгөн шаарында 17-июлда МАИ кызматкери менен жергиликтүү айдоочунун ортосундагы уруш чоң жаңжалга айланып кетейин деп барып басылды. Бул тууралуу ИИМ 18-июлда билдирди. Окуя мындай болгон: Бул күнү саат 17:00 чамасында Өзгөн шаарында Жол-кайгуул кызматынын кызматкери документтерин текшерүү үчүн Хендай Аванте унаасын токтоткон. Текшерүүдө айдоочунун тиешелүү документи жок болуп чыгып, буга байланыштуу унааны айып аянтчасына токтотуу үчүн МАИчи акт жазмакчы болот. Бул арада жергиликтүү бир тургун велосипеди менен алардын жанына жетип келип, унаанын ээси экенин айтып документтерин көрсөтөт. Көп өтпөй үчөөнүн ортосунда мушташ чыгып, МАИчинин формасы айрылып, погондору жулунат. Саат 18:00дө жергиликтүү мечитте кечки азан айтылып бүтүп, мечиттен чыккан өзбек улутундагылар мушташ болгон жерге келишет. МАИ кызматкери жардамга кесиптештерин чакырып, жардамга келген МАИчинин да кийими айрылып, унаасы талкаланат. Окуя болгон жерге Өзгөн РИИБинин ыкчам чара көрүү кызматынын өкүлдөрү келишип, унаанын айдоочусу менен ээсин кармап кетишип, убактылуу кармоочу жайга киргизишет. Саат 19:00 чамасында Өзгөн РИИБинин имаратынын алдына 150дөй адам чогулушуп, кармалган жарандарды камактан бошотууну талап кылышат. Ушул эле маалда РИИБине жакын жердеги Манас көчөсүнө 200дөй кыргыз улутундагылар топтолушат. Абал курчуп бара жатканда окуя болгон жерге Ош шаардык жана Ош облустук ИИБинен атайын даярдыктагы кызматкерлер менен милиция өкүлдөрү барышып, чогулгандарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүшкөн. Саат 23:00дө гана топтолгондор таркаганы белгилүү болду. Окуяга себепкер болгон унаанын айдоочусу менен ээсине карата кылмыш иши козголду. Кармалгандар учурда Өзгөн РИИБинин убактылуу кармоочу жайында. 

 

 





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: