super.kg logo

Москвадагы Морозов ооруканасынын чатырынан 60 Аяз ата түшүп келди

 

Москвада ооруканада дарыланып жаткан бейтаптарды куттуктоонун өзгөчө жолу орун алды. Москванын өзгөчө кырдаалдар боюнча департаментинин 60тай кызматкери Аяз атанын кийимин кийип, оорукананын чатырынан түшүп келип, терезелер аркылуу бейтаптарды куттуктаган. Бул көрүнүштөн тартылган сүрөт жана видеолор интернетте тарады.

Бул акцияга 60 куткаруучу катышкан. Алар Аяз атанын чапанын, ал эми кыздар Аяз кыздын кийимдерин кийип бейтаптарды куттукташкан. Сактык курун байланган куткаруучулар алгач Морозов ооруканасынын чатырына тизилишкен. Берилген командадан соң Аяз аталар аркан аркылуу терезелерге түшүп келип, Жаңы жылды өз үйүнөн, үй-бүлөсүнүн курчоосунда тосо албай, ооруканада тосо турган бейтаптарды куттукташкан. Ал эми ылдый жактан Аяз кыздын кийимин кийген кыздар өрт өчүрүүчү унаалардын краны аркылуу терезелерге көтөрүлүшкөн.

Аталган департаменттин бул акциясы алгачкы жолу эмес. Куткаруучулар ар жылы ар башка түстөгү чапандарды кийип, жыл сайын ушундай жол менен бейтаптарды куттуктоону адатка айлантышкан.






Москвада 60тай Аяз ата оорукананын чатырынан түшүп келишти

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(11)
29.12.2018. 13:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+17
Молодцы,ооруканада жаткан жаш балдарга жакшы маанай тартуулашыптыр
29.12.2018. 13:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Мынча жагымдуу корунуш,жылмайып журокко жылуулук келди.
29.12.2018. 13:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Молодцы! Жумушу менен майрамды айкалыштырышыптыр. Ооруп жаткан канча бейтаптардын маанайын көтөрүшүп
29.12.2018. 13:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Жакшы. Конулдору которулуп калыптыр да.
29.12.2018. 13:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Сонун
Медиа-портал
29.12.2018. 14:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Жакшы кылыптыр, ооруунун бетин ары кылсын Кудайым, биз дагы жатып чыктык эле балам менен.
29.12.2018. 14:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-7
Палатасына кирипле куттуктабайсынарбы. Кокус тушуп пушуп кетсенер тарыхта каласынар
29.12.2018. 19:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Munar92, Жылда палатасына кирип куттуктай бербей,быйыл башкача жанылык кылалы деп чечкендир да,анан тушуп пушуп кетпей турган даярдыгы жакшы атайын озгочо кырдаалдын тандалган кызматкерлери кылып жатпайбы бул ишти...
Медиа-портал
29.12.2018. 15:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Чала була окуп алган экем 60 тай аяз ата тушуп кетишти деп окуп алып шаша буша кире калыпмын тооба каяктан тушуп кетишти экен 60 аяз ата деп...
Медиа-портал
29.12.2018. 16:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Krai,мен дагы ошентип ойлопмун
Медиа-портал
29.12.2018. 21:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Krai,мен да шашылыш текстти окупмун,:-)
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: