super.kg logo

Вице-премьер-министр: "Биз инвесторлорду чочутуп албашыбыз керек"

 

Өкмөт ата мекендик экономиканын ар кыл тармагына чет элдик инвестицияларды тартуу иш-аракетин көрүүдө. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.

Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков өлкөгө инвестиция тартууга бардык мамлекеттик органдар иш алып баруусу керек экенин билдирди.

"Кыргыз мамлекетинин аймагына кирген ар бир инвестиция жаңы жумуш орундарын түзүүгө, салыктык түшүүлөрдү көбөйтүүгө жана жер-жерлерде өндүрүштү өстүрүүгө шарт түзөт", - деди Разаков.

Вице-премьер-министр коомчулуктагы такталбаган жана жалган маалыматтар өлкөнүн инвестициялык иштерине терс таасирин тийгизерин кошумчалады.

"Чет элдик инвестициялардын үлүшү бар экономикалык багыттагы объектилердин ишмердигине тоскоолдук кылган айрым учурлар бар. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, жергиликтүү калк инвесторлордун ишине тоскоолдук кылбоосу керек. Ошондой эле өлкөнүн аброюна терс таасир эткен коомчулукка такталбаган маалыматтарды жайылтууну жоюу боюнча алдын алуу иштерин жүргүзүү зарыл. Биз инвесторлорду чочутуп албоого тийишпиз, тескерисинче, алардын ишмердиги үчүн мыйзам чегинде болушунча ыңгайлуу шарттарды түзүү керек. Өлкөлөр ортосунда келип чыккан айрым маселелер тек гана дипломатиялык жол менен чечилиши шарт", - деп белгиледи Разаков.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
30.12.2018. 16:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Инвестиция алып келет десе баарын жумушчулары менен кошуп алып келип атса,элде эмнеге суроо талап болбошу керек экен?Кытайдан инвестиция тартканынар менен,алар оздору иштеп,оздоруно пайда коруп жатса бизге эмне пайда?Кичине налог тогуп койсо эле суйунуп отурасынар.
30.12.2018. 18:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Инвесторлорго тоскоол болбош керек. Атамбаев тараткан лицензияларды мыйзам чегинде карап, итбекер саткандары боюнч АШАга иш козгоо зарыл
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: