Лионель Месси Аргентина курамасында качан ойноору белгилүү болду

"Барселона" клубунун чабуулчусу Лионель Месси качантан баштап Аргентина курамасында ойной баштаары белгилүү болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар өлкөнүн футбол Федерациясынын башчысы Клаудио Тапиага шилтеме берүү менен жазып чыгышты.
Маалыматка караганда, Тапиа "Месси эч качан кураманы таштап кеткен эмес, мындан улам ага чакыруу барса, кайтарына ишенем" деген.
"Буга байланыштуу Лионель Месси 2019-жылкы Америка Кубогуна катышат. Аталган спорттук иш-чара 2019-жылдын жайында Бразилияда болуп өтөт", - деп жазышат басылмалар.
Месси 2018-жылдагы футбол боюнча дүйнөлүк чемпионаттан кийин Аргентинанын курамында ойноону убактылуу токтоткон. Жакында эле аны курамага кайтаруу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатканы белгилүү болгон.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(2)
bond

31.12.2018. 11:49
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Месси жок болсо Аргентина жакшы ойнойт.
Sher0109

01.01.2019. 12:48
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
bond, жок, Месси Аргентинага керек оюнчу.Месси жок болгондо ЧМ2018ге жолдомо албайт болчу
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.