Сузак районунда жаңы жылдык балаты күйүп кетти
Жалал-Абад облусуна караштуу Сузак районунда жаңы жылдык балаты күйүп кетти. Бул тууралуу бүгүн, 31-декабрда SUPER.KG порталына облустук милициядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, өрт 30-декабрь күнү таңкы саат 05:30 чамасында болгон. Анда Сузак районунун тургундары үчүн коюлган жаңы жылдык балаты күйүп кеткен.
"Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, өрт зымдардын тийишүүсүнөн улам келип чыккан. Тилсиз жоо балатыга тагылган жылдызчадан башталган", - деп билдиришти милициядан.
Белгилүү болгондой, учурда балаты Сузак райондук администрациясы тарабынан калыбына келтирилген.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(1)
madina.87

31.12.2018. 19:29
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Ал жакта жалаң туугандар жашашат .Ошолордун эле колунан келсе керек
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.