super.kg logo

SUPER.KG порталынын окурмандары өлкөдөгү купулга толгон балаты деп Баткен шаарыныкын тапты

 

SUPER.KG порталынын окурмандары өлкөдөгү купулга толгон балаты деп Баткен шаарыныкын тапты. Бир апта мурун SUPER.KG сайтында Жаңы жылга карата сурамжылоо башталган. Анда өлкө аймагындагы балатыларга коротулган чыгымдар тууралуу маалымат берилип, "Кайсы шаардын балатысы купулуңузга толду?" деген суроонун негизинде сурамжылоо жүргүзүлгөн.

Добуш берүү бүгүн, 31-декабрда токтотулуп, жыйынтык чыгарылды. Ага ылайык, Баткен шаарынын балатысы 30,06 пайызга ээ болуп, биринчи орунду алса, эң аз добуш Нарын шаарынын балатысына берилген (2,45 пайыз). Миллиондогон сом сарпталган Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарынын балатылары жүз миң сомго жетпеген каражат жумшаган Баткендин балатысынан артта калды.

Өлкөдөгү эң арзан балаты Баткен шаарына орнотулган. Бирок ага карабай окурмандар аны "эң мыкты" деп табышты. Баткендин балатысынын бийиктиги 14 жарым метрге жетет. Ага 66 миң сом акча жумшалган. Жалпы шаарды жасалгалоо иштерине болсо 88 миң сом керектелген.

Баткен шаарынын балатысы.

Ал эми акыркы орунду алган Нарындын балатысынын бийиктиги 15 метрге жетип, шаарды жасалгалоо иштерине 219 миң сом сарпталган. Бул сумма өткөн жылкыга караганда 19 миң сомго көп.

Нарын шаарынын балатысы.

2-орун Ош шаары (29,45 пайыз)

3-орун Жалал-абад шаары (14,11 пайыз)
4-орун Каракол шаары (11,66 пайыз)
5-орун Бишкек шаары (7,98 пайыз)
6-орун Талас шаары (4,29 пайыз)

кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(10)
31.12.2018. 12:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Жаны жылынар менен.
31.12.2018. 12:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+16
Баткен Улгу болду баарына. Негизгиси ашыкча чыгашанын кереги жок
31.12.2018. 12:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Баткен Алга! Кыргызстандыктарды Жаны- жыл майрамы менен куттуктаймын!
31.12.2018. 12:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+16
Кечээ таласка барып келдим. Как раз елканын жанында болдум бир саатай. Карангыда гирляндалар жарык берип кооз коргозот экен. Бирок кундуз ото эле жупуну, балатыны кучактап ыйлагын келет экен, сага ушунча акча короттук деди элего мэрия,кебетен кантет деп.
31.12.2018. 14:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Ансыз деле башка жерден жеп атышат,ушул балатыны бир жылда бир жолу жакшылап эле кооздоп коюшса,элдердин конулдору которулуп калбайбы.
31.12.2018. 14:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен Баткенде турам Баткендин балатысы просто сүрөткө жакшы чыгыптыр жанынан көрсөң ошол короткон 66 миң эмес 15 миң сомго жасалгандай эле
02.01.2019. 12:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Alixan-Nookat.2015, мен да Баткенде турам, соонун эле болуп турат. Кыргыздын чукума, көралбас адаты качан калат деги...
31.12.2018. 16:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
анан майрамдык кече уюштурбай ошол кеткен каражатты боор ооруусу менен ооругандарга жардам катары берет экен бул тууралуу Баткен облусунун мэриясынан билдиришкен.
31.12.2018. 19:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Aisle,эң туура чечим кабыл алган, ошол боор ооругандарга берсе соопко калат. Алланын тынчтыгы берекеси болот.
01.01.2019. 13:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Баткенден үлгү алгыла.Нарындын балатысы уят.Жакшыраак эле кооздошпойбу.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: