super.kg logo

Мышыкты байлап, андан кийин атып өлтүргөн адам жазага тартылган жок

 

Мышыкты байлап, андан кийин атып өлтүргөн адам жазага тартылган жок. Бул тууралуу бүгүн, 31-декабрда SUPER.KG порталына облустук милициядан билдиришти.

13-ноябрь күнү интернетте белгисиз адам мышыкты темирге байлап, андан кийин аны атып өлтүргөн видео тараган. Интернет колдонуучулар жаныбарга ырайымсыз мамиле жасаган адамды таап, аны жазалоону өтүнгөн. Иликтөө иштеринин алкагында, видео 5-октябрь күнү саат 12:00дөр чамасында тартылганы аныкталган. Видеодогу киши 35 жаштагы Жалал-Абад шаарынын Ильяз К. аттуу тургуну экени да маалымдалган.

"Бул окуя боюнча кылмыштын курамы жоктугуна байланыштуу кылмыш иши тергөөнүн жүрүшүндө өндүрүштөн кыскартылган", - деп билдиришти милициядан.

Маалымат үчүн: Жаза процессуалдык кодексине ылайык, өлкө аймагында жаныбарларга карата мыкаачылык менен мамиле жасагандарга 5 миң сомдон 10 миң сомго чейин айып пул салынат же 120 сааттан 150 саатка чейин коомдук иштерге тартылат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
31.12.2018. 16:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
камащ керек..спайсикти ууурдаган учун камадыго.а эмнеге олтуруп атса эч нерсе кылышпайт.Айып пул салгыла.Жаныбарда эмне куноо..Психологиялык жактан оорулуу го сыягы.Россияда жаныбарларды кордогондорго да атайы закон бар
01.01.2019. 15:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Aisle,ошондо сен ошол олгон мышык тоок урдап жесе,орган кызматкерлерине кайрыласынбы арыз жазып
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: