11 жыл мурун франциялык аял багып алган баланын бир туугандары Кыргыз өлкөсүнөн табылып, жолугушту







Мындан 11 жыл мурун франциялык аял багып алган баланын бир тууганы Кыргыз мамлекетинен табылды. Орусиянын "Жди меня" телеберүүсүнүн жаңы жылдык чыгарылышында кыргыз тектүү Кирилл Николя Морша Москвадан туугандары менен алгачкы жолу көрүшүп, бир тууганы менен таанышты.
Телеберүүдө 2007-жылы Москвадагы балдар үйүнөн бала багып алган аял жана анын баласы тууралуу айтылат. Алар баланын туугандарын табууга жардам сурап кайрылышкан. Телеберүүдө Кирилл Николя туугандары менен алгачкы жолу жолугуп, 16 жаштагы бир тууган агасы Акылбек Тагаев менен да видео аркылуу сүйлөшкөн. Кирилл Николянын төрөгөн апасынын туугандары менен жолуккан учуру көпчүлүктү көзүнө жаш алдырды.
"Мен балалуу боло албайт болчумун. Башынан эле уулумду багып алганымды жашырган эмесмин. Ал беш жашка чыкканда менден "сен мени курсагыңа көтөрдүң беле?" деп сурады. Мен сени курсагыма көтөргөн эмесмин, бирок сен дайыма менин жүрөгүмдө жашап келгенсиң деп айткам. Ал дайыма менден апасы тууралуу сурай берчү. Мен ал аялга мага ушундай уулду төрөп бергенине ыраазычылыгымды билдиргим келет. Ал мен үчүн асмандагы жылдыздай", - дейт кыргыз тектүү баланы багып алган франциялык айым Катрин Колетт Бубьян.
"Мен 11 жаштамын, Францияда жашайм. Мен апамды жана үй-бүлөмдү аябай жакшы көрөм. Бирок мени төрөгөн апам тууралуу билгим келет. Туугандарымды аябай тапкым келет. Апамдын сүрөтүн көрүүнү каалайм. Менин туугандарым жанымда болбосо да, аларга жакшы көрөрүмдү айткым келет. Апам мени 38 жашында төрөгөнүн билем. Ал төрөгөндөн кийин 1 жума өтүп, каза болуп калган. Апамдан өз апамдын туугандарын табууга жардам беришин сурандым", - деп билдирген кыргыз тектүү Кирилл Николя Морша.
11 жыл мурун Франциялык аял багып алган баланын бир тууганы Каравандан табылды












1 |