super.kg logo
  Саясат  

Бишкекте төрөлгөн үч эмдин ата-энесине Свердлов райадминистрациясы жардам берди

 
Үч эмдин ата-энеси ушул үйдө айына 3000 сом төлөп жашашат
Бир короонун ичинде 3 эмдин ата-энесинен сырткары 6 үй-бүлө батирде ижарада жашайт
Бир бөлмөлүү батирдин кире бериши
Ымыркайларга белекке кийимдер берилди
Үч эмге Аяна, Диана, Раяна деген ысым коюлуптур
Ымыркайлар таттуу уйкуда
"Балдарымдын ден-соолугу учурда жакшы" дейт апасы
6 уул кыздуу болгон бактылуу ата-эне
Ымыркайларга берилген белектер
Раяна таттуу уйкуда
Үч эмдин апасынын кубанычында чек жок
Аяна, Диана, Раяна кызуу уйкуда
Свердлов районунун акиминин орун басары белек тапшырууда
Үч эмди жарык дүйнөгө алып келген Назира Камиловага гүл берилди
Үч эмдүү болгон үй-бүлөгө жардам катары 58 миң сом акча тапшырылды
Ымыркайларга белекке кийимдер берилди
Коноктор даам ооз тийүүдө
Коноктор даам ооз тийүүдө
Бактылуу энеге берилген гүлдөр
Эгерде жардам керек болсо, бул үй-бүлө Социалдык өнүктүрүү башкармалыгына кайрылышса болорун акимдин орун басары айтты
Бактылуу үй-бүлө конокторду жылуу маанайда узатышты

Бүгүн, 18-июлда Бишкек шаарында 5-июлда жарык дүйнөгө келген үч эмдин үй-бүлөсүнө Свердлов райондук администрациясы жардам көрсөттү. Үч эмдин ата-энесине 58 миң сом акчалай жардам, 3 кызга кийим жана кийим жыйноочу шкаф берилди. Бул үй-бүлөнүн бул жаңы төрөлгөн ымыркайлардан башка 1, 3, 5 жаштардагы балдары бар. Ымыркайларга Аяна, Диана, Раяна деген ысымдар ыйгарылыптыр. Кыздардын апасы Назира Камилова кубанычын жашырган жок: “Балдардын абалы жакшы, көрсөтүлгөн жардам үчүн ыраазычылык билдирем. Учурда бир бөлмөлүү батирде айына 3000 сом төлөп жашайбыз. Жолдошум "Дордой" базарындагы кафелердин биринде ашпозчу болуп иштейт. Тапкан акчасы тамак-ашка араң жетет. Эми, Кудай буюрса, батир алганга керектүү документтерди топтоп, кезекке турабыз”- деди ал. Ал эми Свердлов районунун акиминин орун басары Чынара Бөрүбашева төмөнкүлөрдү билдирди: “Бул үй-бүлөдөгү улуу 3 баласын бала бакчага орноштурууга жардам көрсөтөбүз, ошондой эле аптасына 2 жолу бекер сүт берилип турмакчы. Ал эми батир маселеси кезекке турганына жараша болот. Мындан ары дагы тиешелүү социалдык жардамдарды көрсөтүп турганга аракет кылабыз”.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: