super.kg logo
  Спорт  

Футбол боюнча Кыргыз улуттук курама командасы Палестина курамасын жеңип алды

 

Бүгүн, 31-декабрда футбол боюнча Кыргыз улуттук курама командасы Палестина курамасы менен беттешип, кыргыз футболчулары 2:1 эсебинде жеңишке жетишти. Бул тууралуу футбол федерациясы кабарлады.

Белгилүү болгондой, оюн Катар өлкөсүнүн Доха шаарында "Qatar SC Stadium" стадионунда орун алды.

Беттеш Азия Кубогуна даярдануу максатындагы өткөрүлүп жаткан окуу-машыгуу жыйындарынын алкагында өттү.

Оюн эки тараптын келишими боюнча жабык тартипте көрүүчүлөр жана журналисттерсиз өткөн.

Кыргыз улуттук курама командасы 7-декабрдан тарта Катарда окуу-машыгуу жыйындарын өткөрүп жатат. Кыргыз футболчулары 20-декабрда Иордания менен беттешип, 1:0 эсебинде жеңип алса, 26-декабрга караган түнү Катар өлкөсүнө 0:1 эсебинде жеңилип калган.

Азия Кубогу Бириккен Араб Эмираттарында 5-январда башталып, 2-февралда жыйынтыкталат. Кыргыз курама командасы С тайпасында Түштүк Корея, Кытай жана Филиппин курамалары менен беттешет.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 6 
Комментарийлер(4)
31.12.2018. 22:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
Кош бол 2018 -жыл. Мен сага ыраазымын.
01.01.2019. 01:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Samat777,сен кудайга ыраазы бол!жылга
Эмес.
01.01.2019. 01:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Курамабыз бизге жениш белек кылыптыр да, азаматтар. Алга кыргызымдын жигиттери, биз силерге ишенебиз!!!
04.01.2019. 20:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Алга кыргызстан алга ак шумкарлар силерден ушундай жакшы кабарларды ийгиликтерди кутобуз
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: