Бишкектеги Киев жана Орозбеков көчөлөрүнүн кесилишинде унаа тыгыны орун алды



Бишкек шаарындагы Киев жана Орозбеков көчөлөрүнүн кесилишиндеги жолдо унаа тыгыны орун алды.
"Ала-Тоо" аянтында жаңы жылдык концерт өтүп жаткандыгына байланыштуу Чүй кең көчөсүнүн Тоголок Молдо көчөсүнөн Эркиндик бульварына чейинки бөлүгү убактылуу жабылган. Буга байланыштуу коомдук транспорттун баары Киев көчөсү менен каттап жаткан.
Унаа тыгыны саат 18:00дөн бери уланууда.
Бүгүн аянтта коомдук тартипти 3 миңге жакын милиция кызматкери көзөмөлдөөдө. Ал эми коомдук транспорт саат 02:00гө чейин каттайт.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
4

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.