Кара-Суу районунда жол кырсыгынан 3 адам каза болду
Ош облусунун Кара-Суу районунда жол кырсыгынан 3 адам каза болду. ӨКМнын басма сөз кызматы билдиргендей, окуя Кашкар-Кыштак айылында 18-июлда саат 03:20 чамасында токтоп турган Даймлер-Бенц унаасын Мерседес-Бенц үлгүсүндөгү унаа сүзүп алган. Кырсыктын кесепетинен 23-24 жаштардагы 3 жигит каза тапкан. Ошондой эле 1 жаран Кара-Суу шаарынын ооруканасына ар кандай жаракаттар менен жеткирилген. Окуя болгон жерге Ош шаарынын куткаруу кызматынын тобу барып, унаада кысылып калган каза болгон адамдардын денесин чыгарып, милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен. Учурда бул факты боюнча тиешелүү тергөө иштери жүргүзүлүүдө.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:29
2025-06-24

15:38
2025-06-24

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.