Мас абалында унаа айдагандарга 17 миң 500 сом: Эми жол эрежесин бузган айдоочулар мурдагыдан көп айып пул төлөшөт
Кечээ, 1-январдан тартып айрым жол эрежелеринин бузулгандыгы үчүн төлөнүүчү айып пулдун өлчөмү көбөйтүлдү. Ички иштер министрлигинен кабарлангандай, Административдик кодекске буга чейин киргизилген өзгөрүүлөр ушул жылдан тартып күчүнө кирди.
Мындан ары:
* Техникалык мүчүлүштүктөрү бар, пайдаланууга уруксат берилбеген унааны айдагандарга 5 миң 500 сом;
* Милдеттүү техникалык кароодон өтпөгөн унааны айдагандарга 3 миң сом;
* Мотошлем жана коопсуздук курун тагынбай калктуу аймакта машина айдагандарга 1000 сомдон, ал эми ушул эле эреже калк жашабаган аймакта бузулса 3000 сом;
* Мас абалында унаа башкаргандарга 17 миң 500 сом;
* 40 чакырымдык ылдамдык чегин бузган айдоочуларга 7 миң 500 сом;
* Айдоочунун мастыгын аныктоого каршылык көрсөткөндөргө 5 миң 500;
* "Тез жардам", өрт өчүрүүчү, куткаруучулардын унааларына жол бошотпогондорго 5 миң 500 сом;
* Мас абалындагы адамга унаасын бергендерге 15 миң сом;
* Айдоочулук күбөлүгү жок унаа башкаргандарга 5 миң 500 сом айып салынат.
кошулду

Жыргай койгула! Тозоктон да жыргайсыңар силер бул кетиште.
Өз мамлекеттибиз деп жүрсөк, өзгөнү коргоп, өздү кордоп башташты.
Же знактар туура эмес, же гаичилер правиланы билишпейт, же мыйзам туура эмес. Мындан ары өлкөнүн келечегине ишенбей калдым.
Чынын айтсам, Кыргызстанга таарындым:)