super.kg logo

Мексикада шаар мэри болуп жаңы дайындалган адамды 1 сааттан кийин өлтүрүп кетишти

 

Мексикадагы Эройка-Сьюдад-де-Тлахьяко шаарына жаңы мэр шайланып, ал жумушка келе жатканда белгисиз адамдар тарабынан атып өлтүрүлгөнүн чет элдик маалымат булактары жазып чыгышты. Маалым болгондой, ал кызмат ордуна каза болордон бир жарым саат мурун дайындалган.

Өлтүрүлгөн Алехандро Апарисио өзүнүн кызматтык ордуна дайындалган соң мэрияда боло турган жыйналышка бара жаткан. Дал ушул учурда ага белгисиз адамдар тарабынан ок атылган. Жаңы мэр окуя болгон жерден дароо ооруканага жеткирилгенине карабастан алган жаракатынан улам каза болгон. Андан сырткары 4 адам жаракат алып, аларга өз учурунда медициналык жардам көрсөтүлгөн. Ал эми полиция кызматкерлери иликтөө иштерин башташкан. Учурда шектүү катары 1 киши кармалып, сурак берүүдө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
02.01.2019. 13:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Мафия . гангстерлер оз кишисин алып барат. Анан кытайлар кире баштайт
02.01.2019. 19:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Ошол атып кеткендер качып жүрбөй бизге келбейби, аларга иш көп.
Кытайды крышевать эткендер бар, койлор бар иштей албай орун ээлеп отургандар, коррупционерлер бар.
03.01.2019. 15:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Наркобарондорго каршы бир деме деген го.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: