ЭЛДИК ВИДЕО: "Түрмөдөгү Жаңы жыл"
SUPER.KG порталынын ЭЛДИК ВИДЕО бөлүмүнө "Түрмөдөгү Жаңы жыл" аталышындагы видео жүктөлдү (ник: gul-jana2). Анда көрүнүп тургандай, колонияда жаза мөөнөтүн өтөп жаткан жарандар түрмөнүн короосунда Жаңы жылды майрамдап, бири-бирине каалоо-тилектерди айтышат.
"Ден соолук болсун, биздин "братаныбыз" Камчынын өмүрү узун болсун" деген каалоо-тилектер да айтылат. Сөз болуп жаткан адам кримтөбөл Камчы Көлбаев деп баамдоого болот.
Мындан соң абактагылар үчүн атайын фейерверк уюштурулганы тартылган. Абактарда жазасын өтөп жаткан жарандарга уюлдук телефон колдонууга тыюу салынганына карабай, алардын көпчүлүгү асмандагы кооздукту телефонго тартып жатканын байкоого болот. Маалыматтарга караганда, аталган видео №16-колонияда тартылган. Бул абак Чүй облусунун Беловодск айылында жайгашкан.
Түрмөдөгү Жаңы жыл


Мен таанышым отуруп чыккан эле