Сауд Арабияда аялдар күйөөлөрүнүн жашыруун ажырашып алганын СМС аркылуу билип турушмакчы
Сауд Арабиянын бийлиги сотторго күйөөсү жашыруун ажырашып алган аялдарга СМС жиберип турууну буюрду. Мындай маалыматты "Би-би-си" кызматы жазды.
Киргизилген жаңы тартип эркектердин аялдарына айтпай сот аркылуу ажырашып, башка никеге туруп алуу фактыларын ачыктоого жардам берет. Эми сауд арабиялык аялдар күйөөлөрү алар менен ажырашып кеткендиги тууралуу маалыматты СМС аркылуу биле алышат. Ошондой эле аялдар бул маалыматты алган соң алимент төлөтүп алуу укугуна да ээ болот. Буга чейин белгилүү болгондой, эркектер аялдарына айтпай жашыруун ажырашып алгандыгы боюнча сотко арызданган кайрылуулар болуп келген.
Жаңы тартип мураскер ханзаада Мохамед бин Салман киргизип жаткан жаңы реформанын бир бөлүгү болуп саналат. Өткөн жылы Сауд Арабияда аялдарга унаа айдоого уруксат берилген. Мындан тышкары аялдар спорттук мелдештерди, футбол көрүүгө, аларга күйөрмандык кылууга да уруксат алышкан.
Ошентсе да аялдар жасай албаган көп нерселер бар. Алар күйөөсүнүн же башка эркек кишинин (агасынын, атасынын, инисинин) уруксаты жок паспорт алууга, турмушка чыгууга, чет мамлекетке чыгууга, банктан эсеп ачууга жана денесине пландалган операция жасатууга укугу жок.



Намаз окуп орозо туткандар арабтарды туураганы же ээрчигени эмес алар Ислам динин тутунгандар,Аллага жана Мухаммед пайгамбарга ишенгендер,Арабтарга эмес!Арабтардын баары мусулман эмес биринчиден,экинчиден Арабтардын мамлекет ичиндеги мыйзамын биз уруп ойнойлубу,бизге тиешеси жок!Намаз окуп орозо тутсан эле Арабтарга тенеп куйгуздунор бир нерсени билип окуп жазгылачы,биринчи озунорго карагыла сын айтардан
ХIХ кылымдын аягы - ХХ кылымдын башында жашаган австриялык белгилүү психотерапевт Зигмунд Фрейд "эркектик касиеттен ажырап, аялдарга жарабай калган алсыз пенделер гана аялзатын жек көрүп, кыз-келиндерди физикалык да, психологиялык да кордоону максатка айлантышат" деп жазган.
Ислам мусулмандардыкы деп айтылганы менен иш жузундо арабтардын урп адатын, жашоосун, салты, кийимдерин дин деп элди алдаган дин. Ислам дини арабтардын орто кылымдагы коз карашына негизделген дин экенин бугунку кун коргозуп жатат.
Ийгилик баарынарга олкобуздо тынчтык болсун!
Арабдар ыймандуу корунгону менен ыймансыз адепсиздин бары ошол жакта.Тунку клуб,акча чачмай,копмой дагы толтура.Эн жонокой оздорунон ашкан тамактарын иштеген служанкаларына беришет.Ото пастык.
Азыр Кыргызстандагы кыздар секелек кезинде "өзүм билем" болуп жүрүп аягы анталияга чейин сойкулука жетиптир!
Агасы иниси уруксат бербесе мындай болбойт беле?!
Кичине ойлонсоң!