Милиция "көчөдө түкүрдү" делген кишини кармап алып, ортодо чыр чыкты
Милиция кызматкерлери "көчөдө түкүрдү" делген кишини кармап алып, аны ары-бери сүйрөгөн видеосу интернетке тарап кызуу талкууланууда. Ал качан жана кайсы жайдан тартылганы азырынча белгисиз.
Видеодон эки милиция кызматкери бир кишини жерге түкүрдү деген негизде кармап алып, айып пул төлөтүүгө аракет кылып жатканы, ортого арачыга түшкөндөр билбестик кылганын айтып, коё берип коюуну өтүнүп жатканын көрүүгө болот. Айрымдардын "тоодон келип билбестик кылыптыр, коё берип койгула" деп айткандарын угууга болот.
Азырынча ИИМ бул жагдай боюнча түшүндүрмө бере элек.
1-январда эреже бузуу жөнүндө кодекс ишке кирген. Анда коомдук жайларда түкүргөндөргө 5 500 сом айып пул салуу каралган.
кошулду
Милиция көчөдө түкүрдү делген кишини кармады
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:49
2025-06-25

14:10
2025-06-25

Рейтинг:
-1

Мен ушуга такыр тушунбойм.эскертуу
Барактарын чапташ керекда негизи
Ошондой жерлерге.