Чүй облусунда 17 жаштагы педофил колго түштү
Чүй ОИИБи облус аймагынан 17 жаштагы педофил кармалганын билдирет. 38 жаштагы Аламүдүн районунун тургуну милицияга кайрылып, 16-июль күнү 2009-жылы туулган уулу белгисиз бирөө тарабынан зордукталганын айткан. Саат 21:00 чамасында көчөдө ойноп жүргөн баланы белгисиз бирөө ошол жердеги дааратканалардын бирине алып барып максатына жеткен. Ыкчам иликтөө жүрүп, Аламүдүн РИИБинин кызматкерлери кылмышка шектүү деп 17 жаштагы жергиликтүү тургунду кармашты. Факты боюнча соттук-медициналык экспертиза дайындалып, кармалган жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Тергөө иштери жүрүп жатат.
Автор: Автандил Добулбеков
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:29
2025-06-24

15:38
2025-06-24

Рейтинг:
0

Билдирүүңүз өчүрүлдү.
Сизге эскертүү!